Конденсаттуу казан кадимки газ казанынан эмнеси менен артык? Бир байкалбаган, бирок өтө маанилүү айырмачылык

"Электр кубатын үнөмдөө- бүгүнкү күндө коомдук жашоонун ажырагыс бөлүгү. Бул саламаттыкты сактоого кам көрүү дагы, акчаны үнөмдөө дагы жана жайлуу жашоо дагы. Бирок электр кубатын үнөмдөөнүн эң башкы мүнөздөмөсү (жана максаты) айлана-чөйрөнү терс таасирлерден коргоо. Имаратты жылытууда электр кубатын үнөмдөө жолдорунун бири - конденсаттуу газ казан болуп саналат.

Конденсаттуу газ казанынын иштеши конденсация принцибине негизделген. Мындай газ казан заманбап түзүлүшүнүн аркасында имаратты жылытууну үнөмдүүрөөк жана жайлуураак кылат.

Кадимки газ казанында ысыктан чыккан буу түрүндөгү күйүүчү продуктулар от казандын жылуулук алмаштыргычынан өтүп, өз кубатынын көпчүлүгүн жылуулук алып жүрүүчүгө беришет. Бардыгын эмес, бирок көпчүлүгүн. Андан кийин, бөлүнүп чыккан газдар мор аркылуу атмосферага чыгарылат - ошондо колдонулбаган жылуулуктун бир бөлүгү жоголот, анткени газ менен кошо отундун күйүү учурунда пайда болгон суунун буусу да чыгат. Дал ушул буу жашыруун электр кубатын алып кетет.

Конденсаттуу казандын айырмасы, ал ушул электр кубатын сактап жана жылуулук тутумуна өткөрүп берүүгө жөндөмдүү.

ПАЙДАСЫ

Мындай от казанды өзүңүздүн мейманканаңызга же конок үйүңүзгө орнотуу менен, сиз ресурстарды кыйла үнөмдөй аласыз. Кадимки конвекциялык казанга салыштырганда отунду үнөмдөө 35%га чейин жетиши мүмкүн. Ошол эле учурда, атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүшүн кыскартуу орто эсеп менен 70%ды түзөт."