Чехия Республикасындагы экологиялык кир жуучу жай операциялык чыгымдарды төмөндөттү жана жаңы кардарларды тартты

Оломоуц шаарындагы BSB айлана-чөйрөнү коргоочу кир жуучу жай электр кубатынын жаңыланып туруучу булактарын жана жакын жайгашкан биогаз станциясынын жылуулук (ысыктын) калдыктарын, ошондой эле био-ажыроочу кир жуугучтарды колдонот. Иштелип чыгуучу жылуулук кир жуулчу сууну ысытуу жана кургаткычтагы кийимдерди кургатуу үчүн колдонулат. Кеңири колдонулуучу электр кургаткычтары электр кубатын жана каржылык чыгымдарды талап кылат, ал эми кир жуучу жайлардагы кайра жаралуучу булактардан алынган жылуулук операциялык чыгымдарды бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Электр кубатын үнөмдөө боюнча эко-кир жуучу жайларда көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эми өз кызматтарын тиешелүү баада кардарларына, ооруканалардан баштап, мейманканаларга жана ресторандарга сунуштай алат. Ал эми био-ажыроочу кир жуугуч каражаттарды колдонуу айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди бир кыйла төмөндөтөт.

ПАЙДАСЫ

Оломоуц шаарындагы экологиялык кир жуучу жай альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу менен электр кубатын көп талап кылуучу өндүрүштө чыгымдарды оптималдаштыра алды.