Софиядагы мейманканада кир жуу кызматын оптималдаштыруу конокторго кызмат көрсөтүүнүн, мекеменин кирешелүүлүгүн жана кызматчыларды жүйөлөштүрүүнүн сапатын жогорулатты (Болгария)

Софиядагы Hemus мейманканасы 85 кызматчы менен 210 номерге эсептелген. Мейманкана электр кубатын үнөмдөө жана ошол эле учурда “мейманкананын жашыл эн белгисине” ээ болуу үчүн экологиялык таза өндүрүштү (ТƟ) жана корпоративдик социалдык жоопкерчиликти (КСЖ) аудиттик текшерүүдөн өткөрдү. ТӨ аудиттик текшерүүнүн натыйжасында эски кир жуугуч машиналарды жана үтүктөөчү пресс машинаны электр кубатын көбүрөөк үнөмдөөчү моделдерге алмаштырууну чечишти. КСЖ аудитинин натыйжасында кызматчыны жүйөлөштүрүү тутумдарын иштеп чыгууга, эмгек шарттарын жакшыртууга, кызматчынын бөлмөлөрүн модернизациялоого жана менеджмент үчүн сертификаттоо (аттестация) тутумун киргизүүгө алып келди.

ПАЙДАСЫ

Бир караганда, кир жуучу машиналарды жана үтүктөөчү пресс машинаны алмаштыруу сыяктуу аз гана иш-чара электр кубатын жылына 150 МВт үнөмдөөгө жана CO2ни бөлүп чыгарууну кыскартууга алып келди. КСЖнын алкагында жекече баалоонун жана жүйөлөштүрүүнүн негизинде сыйлык берүүнүн ачык тутумун киргизүүгө түрткү берди; эмгек шарттарын жана жумуш чөйрөсүн жакшыртууга; мыкты башкаруу практикасын киргизүүгө жана кызматчылардын кесипкөйлүгүн, социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдарды жогорулатууга алып келди. Натыйжасы - конокторду эң жогорку сапатта тейлөө жана меймманканын жалпы кирешесинин өсүшү.