Alma Villa конок үйү: Жашыл технологиялар аркылуу экологиялык жайлуулук жана экономикалык пайда

Alma Villa – бул жакында курулган, заманбап жана үй-бүлөлүк объект, Бостери айылынын эс алуу зонасында, Ысык-Көлдүн кумдуу жээгинен болгону 100 метр аралыкта жайгашкан. Alma Villa апартаменттери 34 конокко эсептелген. Бардык коноктор чатырдагы террасага чыга алат, ал жактан Ысык-Көлгө жана тоолорго эң сонун ажайып көрүнүш ачылат.

Апартаменттер эң жаңы заманбап ашканалар, муздаткыч жана кир жуугуч машиналарды кошо эсептегенде жогорку класстагы энергияга үнөмдүү башка тиричилик техникалары менен жабдылган. Орнотулган идиш-аяк жуугуч машиналар дагы суунун чыгымын азайтууга жардам берет. Апартаменттерде сууну тазалоочу системалар колдонулат, бул суу менен камсыздоонун жогорку сапатын камсыз кылат.

Жашыл конок үйдү түзүү идеясы бизнестин ээси Мухтарга таандык, ал долбоорлоо учурунан тартып энергетикалык натыйжалуулукка өзгөчө көңүл бурган. Мында пайдубалдан тартып, чатырчага чейин жылуулоонун комплекстүү чаралары ишке ашырылган, «күн-аба» технологиясынын негизинде жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук насостору орнотулган. Бөлмө ичиндеги аба алмаштырууну жакшыртуу жана ыңгайлуу микроклиматты колдоо үчүн төрт рекуператор коюлган.

Конок үйдө ресурстарды кайталап пайдалануу тажрыйбасы колдонулат. Мисалы номерлерге антиквардык эмеректер коюлган. Аларды кайталап пайдалануу экологиялык басымды төмөндөтөт жана интерьердин дизайны үчүн эстетикалык элемент катары кызмат өтөйт.

Мында аймакты көрктөндүрүү иштери үчүнчү жылы уланууда, анын алкагында жашыл жана жагымдуу чөйрө түзүлүп жатат. Андан тышкары, конок үйдө кышкы бакча бар.

Алынган пайдалар

Эксперттер конок үйдүн экологиялык деңгээлин 95% деп баалашат. Ишке ашырылган энергия үнөмдөөчү чаралар жылына 367,1 МВт*с үнөмдөөгө жана CO2 бөлүп чыгарууну жылына 115,51 тоннага чейин кыскартууга мүмкүндүк берди. Колдонууга киргизилген чаралардын жыйынтыгында операциялык чыгымдар олуттуу кыскартылды. Мисалы аянты 2000 м² конок үйдү жылытуу эми кадимки үч бөлмөлүү батирдин коммуналдык чыгымына тете болот. Мейманкана жылытуу жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздалган.

Alma Villa конок үйүнүн ээсинин жакынкы планында – 150 кишиге эсептелген агынды сууларды чыгаруу системасын орнотуу бар. Бул долбоор кошуна конок үйлөр менен кызматташтыкта ишке ашырылып жатат жана мейманкана ээлеринин туруктуу өнүгүүгө жана табигый ресурстарды жоопкерчиликтүү пайдаланууга умтулуусун көрсөтүп турат.

Alma Villa жогорку деңгээлдеги жайлуулукту жана тейлөөнү гана сунуштабайт, ал экологиялык туруктуулукту жана экономикалык натыйжалуулукту чагылдырган жашыл технологияларды колдонууга киргизүүнүн олуттуу артыкчылыктарын да көрсөтөт.