Good Night мейманканасы: энергия натыйжалуулугун эске алуу менен заманбап имаратка айлантуу

Коноктор Good Night конок үйүн ыңгайлуу жерде жайгашканынан тышкары заманбап стили, тазалыгы, жайлуулугу жана эң мыкты таңкы тамагы үчүн макташат. Конок үйдүн ээси Кубанычбек Качкунбаев, жашоого жараксыз эски имарат коноктордун бардык суроо-талаптарына жооп берген эки заманбап турак жайга кантип айланганын айтып берди. Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн тренингдерден алынган маалымат ушундай ийгиликке жетүүгө, өзгөчө имаратты туура реновация кылууга жана инновациялык бизнес-ыкмаларды колдонууга маанилүү жардам болуп калды. Кубанычбек ошол тренингдерден мейманкана бизнесинин экологиялык касиетин жогорулатуунун инновациялык ыкмалары, энергияны үнөмдөөчү системалар, экологиялык таза материалдар жана калдыктарды азайтуу боюнча стратегиялар жөнүндө биле алган.

Алынган пайдалар

Кайсы бөлүктү кантип жылуулоо жана кандай материалдарды колдонуу керектигин түшүнүп алгандан кийин Кубанычбекке чыгымдарды 2-3 эсе азайтууга мүмкүн болду. Мисалы электр энергиясын керектөө олуттуу кыскарды. Энергияны үнөмдөө жылына 115,11 МВт*с, ал эми CO2 кыскартуу жылына 7,83 тонна көлөмдү түздү.

Good Night конок үйү дизайн түзүү жана куруу баскычында экологиялык бизнес жүргүзүүнүн принциптерин жана инновациялык технологияларды колдонууга киргизүүнү эсепке алуу заманбап тейлөө сапатына, бизнести башкарууга жана келечектеги салымдарга кандай таасирин тийгизээрине мыкты мисал болуп саналат. Анын ичинде, энергия натыйжалуу чечимдерди жана экологиялык таза материалдарды пайдалануу олуттуу экономикалык пайда алууга жана коноктордун жайлуулугун жакшыртууга түрткү берет.