«Маданур» мейманканасы: Энергия натыйжалуулукту жогорулатуу менен жетишкен ийгиликтүү бизнестин тажрыйбасы

Чакан жана үйдөгүдөй жайлуу «Маданур» мейманканасы конокторго ыңгайлуу жашоо үчүн тейлөө кызматтарынын топтомун сунуштайт. Конок үйдүн кафесинде жергиликтүү жана европалык ашкананын даамдарына буйрутма берүүгө, ошондой эле өздөрүнүн тандырында бышырылган ысык тандыр нандан тамшанып ооз тийүүгө болот. Мейманкана шаардын борборуна жакын ыңгайлуу орунда жайгашкан.

Көптөгөн артыкчылык жактарына карабастан «Маданур» мейманканасы конокторду жайлуу шарттар менен камсыз кылууда олуттуу көйгөйлөргө кабылган. Караколдун туристтик рыногу борбордук ысык суу жана жылуулук менен камсыздоо ишинде кыйынчылыктарга туш болууда. Конок үйдүн ээси Балахишова Мадина, 10 жыл мурда ушул көйгөйлөрдөн улам мейманканага келген туристтерден суукка жана ыңгайсыз шарттарга байланыштуу арыз-даттануулар тынымсыз түшүп турганын эске салат.

Бирок акыркы 5 жылда кырдаал кескин өзгөрдү. Мадина энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды колдонууга киргизип, мейманкананы экологиялык туруктуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурган. Ал иштердин арасында энергия үнөмдөөчү терезелерди орнотуу, имараттын тышын жылуулоо, энергияга үнөмдүү жарыктандырууга өтүү чаралары бар.

Алынган пайдалар

Энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары ишке ашырылгандан кийин мейманкананын жайлуулук деңгээли бир топ жакшырды, бул коноктордун санын 3 эсе көбөйттү. Бул жылына 57,5 МВт*с энергия үнөмдөөгө жана жыл сайын 9,3 тонна CO2 таштандысын азайтууга шарт түздү. Үнөмдөөнүн эсебинен алынган кошумча киреше сунушталган тейлөө кызматтарын кеңейтүүгө шарт түздү. Мисалы жаңы конференция залы курулду жана бул дагы компаниянын кирешесин көбөйтүүгө салымын кошту.

«Маданур» мейманканасы – бул экологиялык туруктуулук жана энергияны үнөмдөөгө таандык майда бөлүктөргө көңүл буруу кантип бизнестеги олуттуу ийгиликтерге жана кардарлардын ыраазылыгын жогорулатууга алып келерин көрсөткөн мисал болуп саналат.

Жайлуулуктун жогорулашы жана салымдардан экономикалык пайда көрүү Мадинаны өз бизнесинин экологиялык туруктуулугун жогорулатууга инвестиция салууну улантууга шыктандырды. Жакынкы пландарда – имаратты жылытуу үчүн жылуулук насостору технологиясын колдонууга киргизүү жана көмүр менен жылытуудан толук баш тартуу максаты бар.