“Дасмия” этнокомплекси: жаңыланып туруучу электр кубаты ресторандар үчүн эң пайдалуу инвестиция катары (Кыргызстан)

Dasmia маданий-этнографиялык комплекси көптөгөн жылдар бою ресторан бизнесинин лидери болуп келет. Хан-Теңир боз үйү - Борбордук Азиядагы эң ири боз үйлөрдүн бири - Dasmia комплексинин бөлүгү болуп эсептелет жана ар кандай деңгээлдеги жана масштабдагы иш-чаралар үчүн 800 орунга ылайыкташтырылган.

2016-жылы “Хан-Тенирге”12 күн коллекторунан жана абанын температурасына карата жөнгө салынуучу башкаруу тутуму бар “аба-суу» түрүндөгү эки жылуулук насосунан турган чоң күн тутуму орнотулган. Тутум 1300 м2 аянтты жылытат. Жылуулук насосторунун жылытуу натыйжалуулугу (COP) 3,5 түзөт. Тутум күнүнө 4 тоннага чейин суу ысытып, конокторду жана комплекстин кызматчыларын жылуулук жана ысык суу менен камсыздай ала алат. Күн тутуму орнотулгандыктан, мекеме шаардын жылытуу тутумунан толугу менен көз карандысыз. Ошондой эле электр кубатынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ресторандын имаратынын полу жылууланган, электр кубатын үнөмдөөчү терезелер жана светодиоддук чырактар орнотулган.

Бул долбоор компаниянын ресторан бизнесинин кирешелүүлүгүнө жана айлана-чөйрөгө тийгизген оң таасири менен шайкеш келген электр кубатынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эбегейсиз дараметке ээ экендигин көрсөтөт.

ПАЙДАСЫ

Электр кубатынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жогоруда саналып өткөн иш-чаралар ресторанга жылына 211 МВт саат электр кубатын (же базалык баалуулуктун 35%ын) үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет, ошол эле учурда атмосферага жыл сайын 36 тоннадан ашык CO2ни бөлүп чыгарууну азайтып турат.