Кыргызстандагы биринчи жашыл лизинг продуктусу ПЭРЭТОнун колдоосу менен иштелип чыкты
22-06-2023

Кыргызстан Лизинг компаниясы (Ижара) ПЭРЭТО адистери менен биргелешкен жашыл финансылык продуктусун иштеп чыгышты.

Негизги шарттар:
Ижарага алуучу: патенттин же интеллектуалдык менчиктин күбөлүктүн негизинде иш алып барган юридикалык же жеке жак.
Минималдуу бизнес мөөнөтү - 1 жыл.
Лизинг валютасы: АКШ доллары, сом
Лизингдин суммасы: 5 000 - 300 000 АКШ доллары; 450 000 – 27 000 000 сом
Лизинг мөөнөтү: АКШ долларында - 5 жылга чейин, сом менен - 3 жылга чейин
Кирешенин cтавкасы: АКШ долларында 12,5%; сом менен 23%
Баштапкы төлөмү: 30% кем эмес (жабдыктын түрүнө жана өзгөчөлүгүнө жараша)
Күрөө: талап кылынбайт. Сатып алынган актив күрөө катары чыгат.
Лизинг администрациялык төлөмү: лизинг суммасынын 1%
Кепилдик: Кирешесин тастыктаган 1 гарант
Мүлктү камсыздандыруу: сөзсүз

Кабыл алынган технологиялардын тизмеси:

Технологиялардын түзү

Мисалы

1

Жабдуулар, аларды сатып алуу учурдагы жабдууларга салыштырмалуу энергияны керектөөнү кыскартууга мүмкүндүк берет

Өндүрүш, соода, тигүү, кайра иштетүүчү жабдуулар ж.б.

2

Жылытуу жана желдетүү системалары

Казандар, күн коллекторлору, биогаз станциялары, желдетүү системалары, жылуулук насостору, кондиционерлер ж.б.

3

Ресурстарды үнөмдөөчү жабдуулар

Тамчылатып сугаруу системалары, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар, энергияны үнөмдөөчү жана сууну үнөмдөөчү ашкана жабдуулары ж.б.

4

Электромобилдер

5

Жашыл технологиялар менен байланышкан жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуучу жабдуулардын башка түрлөрү энергияны, ресурсту үнөмдөөчү өзгөчөлүктөргө ээ.