Корду (запастарды) натыйжалуу башкаруу жана порциялардын көлөмдөрүн контролдоо азык-түлүк калдыктарын эселеп төмөндөтөт (Шотландия)

Глазго шаарындагы эки ресторан биригип жылына 26 тоннага жакын тамак-аш калдыктарын чыгарышкан. Андан сырткары калдыктардын 70%га жакыны кардарлардын табактарында калган калдыктар (эң көп табак калдыктары күрүч, салат жалбырактары, лаваш, карри соусу болгон). Ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга арналган окутуп-үйрөтүүчү семинарлардан кийин ресторандарда бир катар чаралар кабыл алынды. Киргизилген чаралардын биринчиси порциялардын көлөмүн азайтуу болгон.

Кардарлар аны колдошту, анын үстүнө бул кошумча чыгымдарды талап кылган эмес. Бир гана табактардагы калдыктарды 20%га кыскартуу жылына 6300гө жакын евро үнөмдөөгө болот жана тамак-аш калдыктарынын көлөмүн азайтат. Экинчи чара корду башкаруу тутумун оптимизациялоо жана чийки ингредиенттерди сатып алууларга көз салынды. Бул үчүн 4650 евро көлөмүндөгү бир жолку инвестиция талап кылынган. Бирок мындай чаралар жылына 22000дей евро үнөмдөгөнгө жардам бере алат. Кошумча иш-чара фритюрницадагы майды чыпкалоочу жабдууну пайдалануу менен өсүмдүк майынын колдонуу мөөнөтүн 50%га узартты. Мындай жабдуу болжол менен 4000 евро турат жана инвестициянын тез кайтарымдуулугуна кепилдик берүү менен, жылына 1800 евро үнөмдөйт.

ПАЙДАСЫ

Ушундай жөнөкөй чаралардын натыйжасы: 22 тонна тамак-аш калдыктарын дараметтүү үнөмдөө; CO2нин чыгындыларын 42 тоннага кыскартуу; акча каражатын үнөмдөө жылына 30 000 евро.