"Мейманканаларды такыр башкача өзгөртүү жана электр кубатын үнөмдөөчү жарыктандыруунун жардамы менен каражатты кыйла үнөмдөө (Кыргызстан)"

Мейманканаларды, конок үйлөрүн, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды жарыктандыруу бир катар маанилүү милдеттерди аткарат: жагымдуу атмосфераны жана ыңгайлуулукту жаратат, белгилүү стилди калыптандырат, кызматчынын иштеши жана коопсуздук ж.б. үчүн оңтойлуу шарттарды камсыз кылат.

Жарыктандыруунун үлүшүнө электр кубатына чыгымдардын 30-40% туура келет, андыктан HoReCa секторунун мекемелерин жарыктандырууну, көбүнчө электр кубатын үнөмдөөчү технологиялар менен байланыштырышат. Мейманкананын жана конок үйлөрүнүн менчик ээлери ар дайым жарыкка болгон чыгымдарды оптималдаштырууга умтулушат.

Кыргызстан, Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринин мисалында, мейманкананын ыңгайлуулугун жана ал жерде түзүлгөн атмосфераны бузбастан туруп, электр кубатын керектөөнү төмөндөтүү жана жарыктандыруудан үнөмдөө канчалык оңой экендигин көрүүгө болот.

Smart Hotel мейманканасынын ээлери электр чырактарын заманбап светодиоддук жарык кылгычка алмаштырып, жарыктандыруу тутумун жаңыртышты. Жалпысынан мейманканага 1100дөн ашык светодиоддук (LED) электр чырактары орнотулган. Жарыктандыруу бардык номерлерде, жыйындар залында, ресторанда жана фойеде алмаштырылган. LED электр чырактары мейманкананын сырткы жарыктандыруусу үчүн дагы пайдаланылган.

Светодиоддук электр чырактары, ысытуучу же люминесценттик чырактарга салыштырмалуу, электр кубатын бир нече эсе аз керектейт, бир нече жыл иштөөгө жөндөмдүү, ошону менен бирге атайын техникалык тейлөөнү талап кылышпайт. Сатып алуу, мекеме үчүн кыйла суммадагы акчаны үнөмдөө менен, тез арада өзүн актайт.

ПАЙДАСЫ

Ошентип, Smart Hotelде мейманкананын жарыктандырууларын алмаштыруу, ээлерине жылына 100дөн ашык МВт саат электр кубатын үнөмдөп гана койбостон, ошону менен бирге айлана-чөйрөнү сактоого өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берди. Электр кубатын керектөөнү кыскартуунун эсебинен көмүр кычкыл газынын зыяндуу чыгындыларынын атмосферага чыгышын төмөндөтүү жыл сайын 7 тоннаны түзөт.