Сиздин имаратты суу менен камсыз кылуу үчүн натыйжалуулуугу жогору класстагы насостук жабдуу (Кыргызстандагы гипермаркеттин тажрыйбасы)

"Суу менен камсыздоонун ишенимдүү тутуму кандай гана болбосун имараттын бирден бир маанилүү түзүүчүсү болуп саналат, анткени келген адамдардын ыңгайлуулугу гана эмес, өрт коопсуздугу да сууну үзгүлтүксүз берүүдөн көз каранды.

Эски насосторду электр кубатынын натыйжалуулугу жогору класстагы жаңы насосторго алмаштыруу менен электр кубатын керектөөгө кеткен каражаттын кыйла бөлүгүн үнөмдөсө болот. Бишкек шаарындагы, Кыргызстан, эң ири “Эки прораб” курулуш материалдарынын гипермаркетинде, кыймылдаткычтын электр кубатынын натыйжалуулугунун классы бар IE3 (электр кубатынын натыйжалуулугу жогору класстагы) насостор орнотулган.

Мындай жабдуулар ээлерине электр кубатын 20% чейин үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Насостор суу менен жабдуу, өрткө каршы суу менен жабдуу жана тиричилик канализация тутумдарында пайдаланылат.

ПАЙДАСЫ

Ар түрдүү баалоолор боюнча, насостук жабдууларга жалпы өндүрүлгөн электр кубатынын дүйнөлүк керектөөсүнүн 20-25%ке чейинкиси туура келет. Стандарт классындагы (IE1) насостук жабдууну максималдуу (IE4) же электр кубатын керектөөнүн өтө жогорку (IE3) классындагы насоско алмаштыруу - жылытуунун суу тутумун колдонгон кафелер, ресторандар, мейманканалар сыяктуу суу көп керектелген имараттар үчүн электр кубатын 50%га чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө электр кыймылдаткычтары үчүн төмөнкүдөй натыйжалуулук класстары орнотулган:

  • IE1 - электр кубатынын натыйжалуулугунун стандарт классы;
  • IE2 - электр кубатынын натыйжалуулугунун жогорку классы;
  • IE3 - электр кубатынын натыйжалуулугунун өтө жогорку классы;
  • IE4 - электр кубатынын натыйжалуулугунун максималдуу жогорку классы."