Гамбург кондитердик дүкөнү электр кубатын үнөмдөп, био-имиджин көтөрөт

Caféhaus Langes - Германиядагы өзүн жакшы жагынан көрсөтө алган кондитер дүкөнү жана органикалык кофенин роастмастери (кууручусу). Ишкана айлана-чөйрө жана энергетика жаатындагы сертификациядан өткөн, жана сертификатталган био-кофени гана колдонушат. Туруктуу өнүгүүнүн принциптери - электр кубатынын натыйжалуулугунун усулдарын жана CO2 чыгындыларын кыскартуу аракеттерин кошкондо, дүкөндүн философиясында борбордук орунду ээлейт.

Мисалы, кондитердик дүкөндө электр кубатынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир нече чаралар ишке ашырылды:

- электр кубатын үнөмдөөчү жылуулук насостору;

- жарыктандырууну толугу менен жарык диодго өткөрүү;

- катышууну жана кыймылды билдиргичтер (датчиктер);

- иштин жүрүшүн/практикаларын ыңгайлаштыруу;

- токтун катуу келишин башкаруу.

Бул чаралар жылына 62000 кВт/саат электр кубатын үнөмдөөнү камсыз кылат; бул мурунку көрсөткүчтөрдөн 56%га мыкты; натыйжада жылдык чыгымдарды 16 100 еврого барабар суммага үнөмдөөгө жардам берет. CO2 чыгындыларынын жылдык кыскарышы болжол менен 35 тоннага барабар.