Nolla Фин рестораны санарип тиркемесинин жардамы менен тамак-аш жоготууларын 50%га чейин азайтат

Nolla рестораны өз алдыларына Nollaдан скандинавия өлкөлөрүндөгү тамактануунун калдыксыз, ошону менен бирге даамдуу ашканалуу биринчи ресторанын жасоону максат кылып коюшкан үч европалык шеф-ашпозчу тарабынан негизделген. Nollaнын ашпозчулары жана ээлери, тамак-аш калдыктарын жеткире азайтуу үчүн, башка финляндиялык Lassila & Tikanoja компаниясы тарабынан иштелип чыккан тамак-аш калдыктарын кыскартуу үчүн дагы бир Waste Master (Hävikkimestari) санарип тиркемесин колдонушат.

Планшеттин жардамы аркылуу, ресторанда топтолгон калдыктар, мүнөздөмөлөрү менен, ар кыл маалыматтар киргизилет: сапаты, салмагы жана анын болушунун себеби. Бул тиркеме колдонууга жеңил жана ар дайым ашканада кол жеткен жерде болот. Nolla сыяктуу à la carte (тамактардын тизмеси боюнча тандоо) ресторандарында тамак-аш калдыктары башка мекемелердин ашканаларына же швед столдору бар ресторандарга караганда азыраак. Бирок “Nolla” тиркемени пайдаланганга чейин тамак-аш калдыктарын жумасына болжол менен 30 килограммга жакын чыгарып турган, негизинен калдыктар тамак даярдоо мезгилинде пайда болот (мисалы, кардарлардын табактарында калган калдыктарга караганда жашылчаларды аарчып-тазалагандагы кабыктар).

ПАЙДАСЫ

Статистика боюнча Waste Master тиркемесин колдонгон ресторандар, адатта, тамак-аш калдыктарын 30-50%га, кээде андан да азайтууга жетишет. Тамак-аш калдыктарынын азайышы ресторандын кирешелүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет, андан сырткары, коомдук тамактануунун жүрүштөрүн натыйжалуу пландоого өбөлгө түзөт. Аспап иштин жүрүшүнүн аз натыйжалуулугу жөнүндө баалуу маалыматтарды сунуш кылат, ошондой эле операцияларды пландаштыруу жана башкаруу үчүн маалыматтарды да берет. Тиркеменин жардамы менен тамак-аш жоготууларынын көлөмүн өлчөөгө болот, ошол эле учурда онлайн-маалыматтар иштин жүрүшүндөгү проблемаларды ачып көрсөтөт. Жана бул маалыматтар кызматчыларды тамак-аш калдыктарын жеткире азайтууга зарыл аракеттерди жасоого үйрөтөт.