Финляндиядагы коомдук тамактандыруу компаниясынын тажрыйбасы: тамак-аш жоготууларын жеткире азайтууга (минимизация) санарип тиркеме

Leijona Catering фирмасы, аскер кызматчылары үчүн тамак-аш берүүгө жана уюштурууга адистешкен. 2000 аскерге чакырылгандар жана аскерий мандикерлер (контракчылар) тамактанган Рубен атындагы аскердик гарнизондун ашканасында жумасына миңден ашык тамактарды (блюдо) даярдайт. Коомдук тамактандыруу фирмасы жоопкерчиликтүү иштөөгө жана тамак-аш калдыктарын азайтууга өз салымын кошкусу келди. Компаниянын ишинин жүрүшүндө санарип тиркемесин киргизишти. Бүгүнкү күндө компаниянын бардык ресторандары бул тиркемени колдонушат. Бул - ашканада тамак даярдоодо жана коомдук тамактандырууда жоготууларга мониторинг жүргүзүү үчүн тиркеме. Тиркеме калдыктар/жоготуулар жөнүндө толук отчетторду, анын ичинде фирмага коомдук тамактандыруу боюнча өз ашканаларынын натыйжаларын салыштырууга жардам берүүчү графиктерди камсыз кылат.

ПАЙДАСЫ

Тиркемени киргизгенге чейин Leijona 2016-жылы 2 миң тонна биологиялык калдыктарды чыгарган. Тиркеменин жардамы менен гарнизондук ашкананын тамак-аш калдыктары 40%га азайган.

Биринчи жылы биологиялык калдыктардын көлөмү 100 тоннадан ашык кыскарган.

Экологиялык натыйжалуулуктан сырткары тиркемени киргизүү - калдыктарды, кызматчыларга жана чийки заттарга чыгымдарды кыскартуунун эсебинен фирмага каржылык пайда алып келди.