Сууну жана электр кубатын үнөмдөө Улуу Британиянын фитнес клубунун кирешесин көбөйттү

Британиялык Think Fit фитнес клубу экологияны, өз кардарларынын жайлуулугун жана ден соолугун чыңдоо багытында клубду такыр өзгөртүү боюнча дымактуу программаны ишке ашырууну чечишти.

Фитнес клубдар суу менен электр кубатын интенсивдүү колдонушат. Бирок сууну аз керектеген санитардык-техникалык шаймандарын жана кыймыл датчиктерин орнотуу сыяктуу анча чоң эмес жана жөнөкөй өзгөртүүлөрдү киргизүү таасирдүү натыйжаларды бере алат. Бул Think Fit фитнес клубуна кандайча болуп кирешенин көбөйүшүнө алып келген.

Клуб жүзөгө ашырган башка иш-чаралардын катарында булар бар:

- сапаттуу жылуулук изоляциясы (жылуулап бөлүп коюу), демек, имараттардын ичин жылытуу жана муздатуу үчүн электр кубаты аз талап кылынат;

- жылдын жылуу мезгилинде имараттын ичи ысып кетпешин алдын алуу үчүн терезелердин үстүнө калканчтарды орнотуу;

- светодиоддуу же флуоресценттик лампаларды тагуу (электр кубатын, эксплуатацияга чыгымдарды жана чыгашаларды үнөмдөөнүн дагы бир чарасы).

- кыймыл датчиктерин, күндүзгү жарык датчиктерин, автоматтык өчүрүү/күйгүзүү тутумдарын орнотуу (аларды орнотуу электр кубатын жана акчаны дагы аз сарптоого жардам берет). Ден соолукту чыңдоочу клуб жөнөкөй жылытуу жана жарык берүү иш-чараларынын жардамы менен электр кубатынын чыгымдарын 70% га чейин кыскартты. Сууну аз керектөөчү мыкты санитардык-техникалык приборлор, көлөмдү жана басымды төмөндөтпөстөн, сууну керектөөнү 30%га чейин кыскартат. Ошентип, суунун сарпталышын азайтуу менен, андан сырткары ThinkFit клубу сууну (кайра) ысытуу үчүн колдонулган электр кубатын үнөмдөйт.

ПАЙДАСЫ

Ден соолукту чыңдоочу клуб жөнөкөй жылытуу жана жарык берүү иш-чараларын жүзөгө ашыруу менен электр кубатынын чыгымдарын 70%га чейин кыскарта алды:

- машыгуу залында жаңы буу казаны, электр кубатын үнөмдөөнүн датчиктерин жана электр кубатын үнөмдөөчү LED жарыгы орнотулуп, мындан зал жаркырап калды, ал эми, жылдык жарык чыгымдары болжол менен 3,300 фунт стерлингге (~ 3400 евро) төмөндөдү.

- душтун учуна жаңы желдеткич (аэра́ция) жана клапандары автоматтык түрдө жабылуучу суу чоргосунун орнотушту, мындан спорт зал сууга төлөөчү коммуналдык чыгымдарды төлөөдө 700 фунт стерлинг (~ 800 евро) үнөмдөй алды;

- кагаз сүлгүлөр электр кургаткычтарга алмаштырылып, бул калдыктардын азайышына алып келди. Клубдун бардык инвестициялары эки жылдын ичинде өзүн актады.