Чакан кафе электр кубатын үнөмдөөчү кондиционерден эле кыйла үнөмдөй алат (Кыргызстан)

"Кафе сыяктуу чакан бизнесте, коноктордун көңүлдүү көңүл ачуусу үчүн бир гана ашкана жана тейлөө эмес, ички микроклимат дагы маанилүү. Чүй облусунун, Кара-Балта шаарында жайгашкан (Кыргызстан) Ак-Өргөө чакан кафесинин ээси Можес Исмаилова электр кубатына болгон төлөмдөрдүн, айрыкча жай мезгилинде кымбат болуп жаткандыгына нааразы болду. Жайдын аптаптуу күндөрүндө, кардарлар ыңгайлуу, жагымдуу салкын абада тамактанып, баарлашып, эс алышы үчүн ал кондиционерлерди толук кубаттуулукта күйгүзүүгө туура келген.

Проблеманын чечилиши электр кубаттуулугу үнөмдүү кондиционер сатып алуу болду. Азыркы учурда, бардык жабдуулардын электр кубатын үнөмдөөсүнүн мааниси чоң, бул нерсе кондиционерлерге да тиешелүү. Алдыңкы өндүрүүчүлөр электр кубатын керектөөнүн эң төмөнкү деңгээли менен муздатуучу жабдууларды чыгарышат, ал эми кубаттуулугу ошол эле деңгээлде калат. Жаңы муундагы электр кубатын үнөмдөөчү кондиционерлер «А» классына туура келет.

ПАЙДАСЫ

Можес Исмаилова электр кубатына чыгымдарды дээрлик 2 эсеге - 51%га кыскартууга жетишти, ошол эле мезгилде имарат мурунку деңгээлде муздатылууда. Азыр кафенин жылдык электр кубатын керектөөсү 4,4 МВтга жана CO2ни бөлүп чыгаруусу 0,23 тоннага кыскарды."