Айылдык стилдеги конок үйдү энергетикалык жактан жаңылоо максатка жетүүгө жардам берди (Австрия)

Bräuеr конок үйү Вайскирхен шаарында, Штирия федералдык жери, Австрия жайгашкан. Ал жердегилер туруктуулук жана экология маселелерине өзгөчө маани беришет. Жетекчилик бир катар электр кубатын үнөмдөөчү чараларын камтыган капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн, анын ичинде конок номерлерин ысык суу менен камсыз кылуу үчүн аянты 39 м2 күн жылуулук тутумун орнотушту жана бүткүл имараттын ичиндеги жылытууну башкаруу тутумун жаңыртышты.

Жыйынтыгында электр кубатынын натыйжалуулугу жагынан акыркы технологиялар менен жаңыланган салттуу конок үйү болуп калды.

Бардык капиталдык оңдоонун жүрүшү калыбына келүүчү табигый ресурстарды пайдалануу менен жүргүзүлдү.

Конок үйдө ошондой эле эски терезелерди заманбап жылуулукту сактоочу терезелерге алмаштырышкан, ошентсе да алар сыртынан мурдагыдай эле айылдык мейманканалардын салттуу стилине дал келип турат. Шыптар жана сырткы дубалдар экологиялык коопсуз целлюлоз материалдарды колдонуу аркылуу жылуулукту коргой турган жабуу менен бүткөрүлүп, сыртынан таштан жасалган кебез материал менен жылууланган, кайрадан эле мунун баары толугу менен ошол жердин конок үйүнүн сырткы көрүнүшүнүн салттуу стилине шайкеш келет.

ПАЙДАСЫ

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Bräuеr конок үйү электр кубатын үнөмдөө боюнча 5,63 тоннага барабар мунай зат кубатын үнөмдөөгө жана жылына CO2ни бөлүп чыгарууну болжол менен 65,4 тоннага төмөндөтүп, баштапкы койгон максаттарына жетише алды. Үнөмдөөнүн жалпы суммасы жылына болжол менен 5000 еврону түзгөн.