Электр кубатын үнөмдөө экология үчүн да жакшы жана заманбап мейманкана менен конференция борбору үчүн каржыны үнөмдөйт (Венгрия)

Балатонсарсо шаарындагы (Венгрия) кабыл алуу үчүн Лютеран үйү жана миссионердик баш калкалоочу жай [The Lutheran Conference and Mission Home] 1930-жылдары курулган. 2004-жылы капиталдык оңдоо жана имаратты кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада Балатон көлүнүн жээгинде заманбап мейманкана жана конференция борбору пайда болгон. Башкы имарат 80 орунга эсептелген. Анда эки кишилик алты бөлмө, үч керебеттүү сегиз үй-бүлөлүк, төрт керебеттүү сегиз үй-бүлөлүк жана алты керебеттүү эки үй-бүлөлүк номерлер бар.

2010-жылдын күзүнөн 2011-жылдын жазына чейин модернизациялоо жана толуктап жабдуу максатында мейманканада электр кубатын үнөмдөө боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү:

- күн коллекторун жана фотоэлектрдик энерия тутумун орнотушту: ысык сууга болгон керектөөнүн 80% аянты 40 м2 болгон күн коллектор тутуму менен камсыздалат; калганын гранул казандары жаап турат;

- пеллет казандарын орнотушкан: автоматтык түрдө иштеген кубаттуулугу 45 кВт эки меш;

- дубалга муздатуу тутумун орнотушкан: айланма суюктукту жанындагы кудук аркылуу табигый жол менен муздайт;

- имаратка электр кубатын үнөмдөөчү светодиоддук жарыктандыруу өткөрүлгөн;

- таймер менен жандырып-өчүргүчтөрдү орнотушкан;

- имаратты башкаруу тутумун өзгөртүшкөн.

Таштандыларды өз-өзүнчө бөлүп чогултуу жана кайра иштетүү, сууну үнөмдөөчү жабдууларды орнотуу (кран аэраторлору жана суу үнөмдөөчү душтар), дааратканаларда жана бакчада колдонууга жамгыр суусун топтоо тутумун камтыган башка иш-чаралар дагы көрүлдү.

Ресурстарды үнөмдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралардын аркасында үнөмдөлгөн жылуулук энергиясынын көлөмү жылына болжол менен 3,73 тоннаны түзөт. Бул үнөмдөөнү акчага айландырганда жылына 5300 еврону түзөт. Конферец борбору CO2ни бөлүп чыгарууну 34%га же жылына 18 тоннадан ашык кыскартууга жетишти.