Имараттарда электр кубатынын натыйжалуулугун камсыз кылуучу күндөн коргоочу тутумдар

Күндөн коргоочу чаралар HoReCa секторунун имараттарында имаратка кирген жылуулуктун жана табигый жарыктын көлөмүн контролдоо үчүн колдонулат. Энергетикалык жакшы касиеттерге ээ имараттардын ажырагыс бөлүгү катары күндөн коргоочу тутум “имараттын сырты” “структуралык мүчөдөн” же табийгый жарыкты жана күндүн жарыгын башкаруу тутумунун ажырагыс бөлүгүнө айланган кошумча компоненттен өнүгүп өзгөрдү.

Күндөн коргоочу тутумду орнотуу жана туура иштетүү - муздатуу, жылытуу жана жасалма жарык берүү үчүн зарыл электр кубатынын чыгымдарын төмөндөтүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү. Принциби - бул тутум табигый жарыктын көлөмүн көбөйтүп, берилген жарыктын толук көлөмүн сактап, күндүн жарыгын (күндүн ачуу нурун) азайтып, күндүзгү чыпка катары иштеп табигый түрдө күн жарыгынын ысытуусун азайтууга жардам бергендигинде.

Күнү бою өзүн-өзү жөнгө салып турган күндөн коргоочу динамикалык тутум, Европадагы бардык айнектөө түрлөрүн жана климаттык шарттарын, орто эсеп менен алганда, муздатууга зарыл болгон электр кубатын 36%дан ашык үнөмдөөнү камсыз кыла алат.