Альпы тоолорундагы спа-борбору “жашыл” электр кубатын үнөмдөөчүтехнологиялардын негизинде иштейт (Швейцария)

Aletschspa - Наттерс муниципалдык округунда (Швейцария) орун алган ден соолукту чыңдоочу борбор - ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк табигый мурастар объектисинин чок ортосунда жайгашкан. Aletschspa борбору курулуштун жана дизайндын жогорку инженердик стандарттарын колдонуу менен салынган. Жогору ыңгайлуулуктун электр кубатын үнөмдөөчү технология менен айкалышуусуна конокторду ыракаттандырган абал тез арада инвестициянын акталышына алып келди.

Спа-мейманканасы 14-59 кВт кубаттуулуктагы эки Thermia Mega геотермалдык жылуулук насостору менен жылытылат, аларды температурасы орточо 100 кВт керектөөсү 10 °Cга жакын инвертордук компрессорлор жөнгө салат.

Муздатуу (кондиционер коюу) пассивдүү муздатуу менен (башкача айтканда, имарат ичин муздатуу үчүн электр кубаты жер астындагы суулардан алынат), ысык суу менен камсыздоо - чакан жылуулук берүүчү станция менен ишке ашырылат.

Жылытуу тутуму полду, ошондой эле бассейнди жылытууну камтыйт. Жылытылуучу аянт 1500 м2. Агрегатта 1872 литр көлөмдөгү муздак резервуар (чуңкур идиш) бар.

Тиричиликке керектелүүчү ысык суу менен камсыздоо резервуарлардын бирине орнотулган жылуулук бөлүштүрүүчү чакан станция аркылуу камсыздалат. Баштапкы тарапта кайтарылган (кайра колдонула турган) ысык суу таза тиричилик суусун жылытуу үчүн колдонулат. Тутумдун артыкчылыгы - инвертор технологиясынын, жылуулук бөлүштрүүчү чакан станциянын жана ысык буу технологиясынын айкалышы жогорку температурада ысык суунун көлөмүн көбүрөөк камсыз кылат. Мындай тутум ысык суу куюлуучу идиштин зарылдыгын жокко чыгарат жана легионелла бактериялары менен байланышкан проблемаларды жоёт, анткени бардык ысык суу “туптуура убагында” чыгарылат.

Жылытуу тутуму 1950 литрлик ысык сууга, «айкалышкан жылыткыч” катары белгилүү, буфердик резервуарды камтыйт. Сырткы бөлүгү жылуулук насосунан чыккан ысык газ менен жылытылат, ал эми ички бөлүгү ысык газ түрүндөгү буу менен жылытылат. Буфердик бак бүтүндөй резервуар боюнча оптималдуу катмардуулукка жетүүгө арналган. Сырткы бөлүгү 70° Cга чейин жана андан жогору, ал эми ички бөлүгү 40° Cга чейин ысыйт, бул жылытуу тутумун камсыз кылуу үчүн жетиштүү. Көлөмүн көбөйтүү үчүн Aletschspaдага эки айкалышкан буу казаны орнотулган.