Дүйнөдөгү биринчи энергетикалык балансы нөл шаардык мейманкана

Stadthalle бутик-мейманканасы - бул Венадагы эко-дос мейманкана. Электр кубатын жаңыланып туруучу электр булактарынан алат, ал эми чатырында лаванда бакчасы бар. 2002-жылы кожоюн имаратты модернизациялады, азыр бул энергетикалык нөлдүк балансы менен биринчи шаардык мейманкана.

Мейманкананы жылытуу үчүн аянты 130 м2 күн электр станциясы менен жылуучу суу колдонулат. Геотермалдык жылыткыч насос, үч шамал дөңгөлөгү жана аянты 80 м2ден ашык фотоэлектрдик энергетикалык станциясы мейманкана керектегенге даяр электр кубатынан көп электр кубатын өндүрөт.

Дааратканалардагы жууп тазалоо үчүн челектерди толтуруу жана бакты сугаруу жаан-чачындын суусун топтоо тутуму аркылуу жүргүзүлөт. Абаны муздатуу тутуму күн электр станциясынын эсебинен иштейт, ал эми жай мезгилинде имарат бетон калка аркылуу берилген жер астындагы муздак суу менен муздайт. Электр кубатын керектөө электр кубатын үнөмдөөчү светодиод лампаларды жана жарык берүү тутумдарын колдонуунун эсебинен азаят.

Жүзүмдүн жашыл сабактары жана лаванда бакчасы мейманкананы килемдей каптап, эстетикалык жагымдуу көрүнүштү жаратат. Лаванданы жыюу мезгилинде баштыкчаларды даярдоо үчүн пайдаланышат.

2014-жылдын январь-февраль айларында, Колдонмо чеберчилиги университети менен кызматташтыкта интерьерге кайра жаратуу ыкмасын колдонуп (апсайклинг) мейманканада 7 номерди толугу менен жаңылашкан. Ошентип отун - журнал столдоруна, гезиттер бут кийимдер текчесине айланды, китептер керебеттин жанындагы - тумбочкалардын кызматын аткара баштады.

Мейманкананы туруктуу жана туристтер арасында белгилүү кылган башка чаралар:

- жашыл эко-дос клубун ачуу жана лоялдуулук (берилгендик) программасын киргизүү, ал боюнча туруктуу коноктор упайларды жана арзандатууларды топтой алышат (мисалы, мейманканага поезд же велосипед менен келген дайымкы коноктор 10% арзандатуу алат);

- коноктор энергопассивдүү үйдө түнөй алышат;

- жай мезгилинде бакта табийгый органикалык азыктардан эртең мененки тамак берилет;

- коноктор үчүн гибрид таксилер гана колдонулат;

- калдыктарды так сорттоо;

- бардык кызматчыларды туруктуу негизде окутуу;

- мейманканада биоажыроочу/жуугуч каражаттар колдонулат.

ПАЙДАСЫ

Мейманкананын туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч-аркеттеринин натыйжасында ЕБдин “EcoLabel” сыйлыгы ыйгарылды, бул анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатты.