Бишкектеги мейманкананы жылытуу үчүн электр кубатын үнөмдүү жүгүртүүчү насосту орнотуу менен электр кубатына чыгымдарды 85%га кыскартты (Кыргызстан)

"Мейманкана бизнесинде коноктор жакшы уктап, ыңгайлуу шартта эс алышы үчүн, мейманкананын үйдөгүдөй жылуу жана жайлуу болушу абдан маанилүү, Бишкектеги мейманкананын ээси Гүлмира Жуманазарованын проблемаларынын бири (Кыргызстан) имараттын жылытуу тутумундагы жылуулук алып жүрүүчүнүн айлануусу (циркуляция) болду.

Жылуулук алып жүрүүчүнүн табигый жол менен айлануусунун жүрүшү өтө узак. Ошондуктан, Гүлмира жылытуу тутумуна жылуулук алып жүрүүчүнү айландыруучу насосторду пайдаланган.

Айландыруучу насос жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо тутумунун негизги түзүүчүлөрүнүн бири. Ал жылуулук алып жүрүүчүнүн жабык циклде жылышын мажбурлап, ошондой эле кайрадан айландырууну камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Жылытуу жана ысык суу тутумундагы жылуулук алып жүрүүчүнү айландыруучу насостор иш жүзүндө күнү-түнү иштешет, бул алардын көп электр кубатын сарпташын шарттайт.

Электр кубатына баанын өсүшүнө байланыштуу, акыркы жылдары электр кубатын үнөмдөөчү насостор кеңири жайылып, актуалдуу болуп баратат.

Рынокто электр кубатын үнөмдөгөн насостору, иш жүзүндө, Европанын бардык алдыңкы насос жабдууларын өндүрүүчүлөрү тарабынан сунушталат. Эреже катары, бул жабдуу ишти контролдоонун жана алыстан жетүүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар жыштыкты жөнгө салуу жана электрондук башкаруу тутумдары менен жабдылган.

ПАЙДАСЫ

Электр кубатын үнөмдөөчү насосту орнотуу менен, Гүлмира мурдагыга караганда мейманканасын жылытууга азыр 85% аз электр электр кубатын сарптайт, жылга өлчөгөндө дээрлик 147 МВт саат. Ошондой эле бул чара көмүр кычкыл газынын зыяндуу чыгындыларынын атмосферага чыгышын болтурбоого мүмкүндүк берет - жыл сайын 33 тоннадан ашык.