Ирландиядагы төрт жылдыздуу мейманкана электр кубатын “акылдуу” электр кубатын керектөөнү башкаруу тутумунун жардамы менен үнөмдөйт (2,5 жылда эле акталды)

Чакан жана орто ишканаларга жардам берүү жана насаатчылык программасынын алкагында Ирландиянын Туруктуу энергетика боюнча башкармалыгы (SEAI) Sligo Park Hotel and Leisure Club мейманканасына электр кубатын керектөөнү башкаруунун жаңы тутумун иштеп чыгууга көмөктөштү. Бул мейманканага жылытуу тутумун өркүндөтүүгө жана эскирген галоген лампаларын натыйжалуу светодиоддук лампаларга алмаштыруу жолу менен электр кубатын бир кыйла үнөмдөөгө алып келди. Жалпысынан алганда, жаратылыш газын салыштырмалуу көп керектеген (жылына> 70,000 кВт саат) 58 чакан жана орто ишканалар Sligo Park Hotel мейманканасы менен бирге Дублин университетинин колледжинин техникалык колдоосу менен SEAI (ТЭКЖ) Башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырылган электр кубатын керектөөнү “акылдуу” башкаруу боюнча пилоттук долбооруна катышты. Чакан жана орто ишканалар берген маалыматтарга ылайык, “акылдуу” эсептегичтер орнотулгандан кийин, электр кубатын 5-10% же орто эсеп менен жылына 1000 еврого жакын үнөмдөдү. Мындан сырткары “акылдуу эсептегичтердин”орнотулушу менеджерлер менен чакан жана орто бизнес ээлерин учурдагы жабдууларын талдап карап чыгууга түрткү берди. Ошентип, алар ресурстарды үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүн жакшыраак билип калышты.

ПАЙДАСЫ

Sligo Park мейманканасы жылытуу жабдууларын өркүндөтүүгө 90 000 евро инвестиция кылды - эски мазут от казандарын каскаддык башкаруу принциби боюнча суюлтулган газда иштеген конденсаттуу газ казандарына алмаштырды. Бүгүнкү күндө мейманкана жыл сайын 14%га чейин үнөмдөйт жана 2,5 жыл ичинде гана салынган инвестиция толугу менен акталат деп күтүүдө. Мейманкананын кызматчыларына да жумушта жана күнүмдүк жашоодо электр кубатын үнөмдөө боюнча көрсөтмөлөр берилди.