Болгариядагы мейманкана: күндөн коргоочу пленка, конокторго маалымат берүү жана электр кубаты менен сууну үнөмдөөнүн башка чаралары (30%дан 50%га чейин)

Болгариядагы Бургас шаарында төрт жылдыздуу мейманканада 28 эки орундуу номерлер жана төрт люкс номер, 60 орундуу ресторан жана вестибюлда бар бар. Мейманканада 70 орундуу конференц-зал да бар. Ал 2006-жылы ачылган, бирок акыркы мезгилдерге чейин айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кандайдыр бир экологиялык саясат болгон эмес.

Корпоративдик социалдык жоопкерчилик (КСЖ) жаатындагы жана айлана-чөйрөнүн эксперттери анын ишмердүүлүгүн төмөндөгү багыттар боюнча изилдөө үчүн мейманкананын менеджерлери менен жолугушту.

- мейманканадагы физикалык инфраструктурага, анын ичинде номерлерди жайгаштырууга жана тазалоого, ашкана жана ресторандардын ишине, лобби-барга жана жалпы пайдалануучу орунга баа берүү;

- мейманканада ресурстардын кыймылын (агымын) талдоо - электр кубатын, сууну, жуунчу бөлмөдөгү ага тиешелүү буюмдарды, кагазды, кеңсе жана канцелярдык буюмдарды, жуугуч каражаттарды, лампочкаларды ж.б. керектөөлөрдү;

- электр кубатын керектөө булактарын аныктоо; - электр кубатын жана материалдарды үнөмдөөнүн варианттарын аныктоо.

Эксперттер жана мейманкананын жетекчилиги талдоонун натыйжасында имараттын экологиялык туруктуулугун жакшыртуу боюнча бир катар чараларды аныкташты:

- мейманканаларды жарыктандырууну оптималдаштыруу менен жылына 30000 кВт саат үнөмдөй жана, CO2ни бөлүп чыгарууну жылына 15 500 кг кыскарта алат; 1430 евро өлчөмүндөгү инвестиция мейманканага жыл сайын 6 айлык кайтарымдуулук мөөнөтү менен 2600 евро үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

- суу сактагыч жабдууларды раковиналарга жана душка орнотуу, керектелүүчү суунун 50%ын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, бул жылына 2002 м3 түзөт; 767 евро өлчөмүндөгү инвестиция 8 айлык кайтарымдуулук мөөнөтү менен жылына 1100 еврого чейин үнөмдөгөнгө көмөктөшөт.

- ресторандын терезелерине күндөн коргоочу пленканы 2555 евро инвестиция менен орнотуу жыл сайын 1000 кВт саатты жана 87 еврону үнөмдөгөнгө көмөктөшөт.

- сууну жана электр кубатын үнөмдөө жөнүндө конокторго маалымат берүү, сууну жана электр кубатын 30%га үнөмдөйт. Болгону 360 еврону түзгөн программалар бир айдын ичинде инвестицияларды кайтарып алып, жылына 5 100 еврону үнөмдөйт.