Aerofoil технологиясы муздаткыч жабдуулар үчүн электр кубатын керектөөнү 30%га чейин төмөндөтөт

Чекене соода жүргүзүүчү дүкөндөрдөгү муздаткыч көп кабаттуу текчелер ачык түзүлүшүнөн улам зор электр кубатын керектешет. Муздаткычтан чыккан муздак аба сырттагы жылуу аба менен аралашып, соода аянттары жагымсыз муздак болуп калат. Имарат ичинда циркуляциянын натыйжасында муздаткычка кайткан абанын температурасын жогорулатууга туура келет. Бул, өз кезегинде, муздаткычтын иштөөсүн дагы да күчөтөт.

Aerofoil технологиясы муздаткыч текчелерден муздак абанын агылып чыгышын жана анын жылуу аба менен аралашуусун азайтат. Ошону менен бирге электр кубатын керектөө бир кыйла төмөндөйт. Aerofoil технологиясын (аэродинамикалык түзүлүштөрдү), муздак абанын жана электр кубатын жоготууларды жеткире азайтуу үчүн, муздатуучу текчелердин алдыңкы бөлүгүнө орнотсо болот.

ПАЙДАСЫ

Aerofoil технологиясы электр кубатын керектөөнү 30%га чейин төмөндөтөт.

Электр кубатын керектөөнү төмөндөтүү электр кубатынын чыгымдарын гана төмөндөтпөстөн, соода жүргүзүүнүн тигил же бул объектинде көмүртектин изинин жалпы көлөмүн азайтуу менен, айлана-чөйрөнү сактоого жардам берет. Aerofoil технологиясы Улуу Британиянын Өкмөтүнүн энергетикалык технологиялар Тизмесине киргизилди.