Даниядагы мейманканага электр кубатынын жаңыланып туруучу булактары жана органикалык азык-түлүктөр туруктуулукту камсыз кылды.

Копенгагендин түндүк бөлүгүндө жайгашкан, Дания, Frederiksdal мейманканасы өз ишинде үч элементти айкалыштырат: жаратылышты/табийгыйлыкты, гастрономияны жана меймандостукту. Бул ыкма ага гастрономиялык оригиналдуулугу үчүн (Данияда ыйгарылуучу Det Økologiske Spisemrke сыйлыгы) “Органикалык лейбл” категориясындагы коло медалын алып келди. Мейманкана келүүчүлөргө тамак тизмелеринде 30-60% органикалык тамак-аш продуктуларын жана суусундуктарды сунуш кылат. Негизги көңүл жергиликтүү тамак-аш продуктуларын сатып алууга жана тамак-аш калдыктарынын санын азайтуу үчүн алардын порцияларын азайтууга бурулат. Ошондой эле, мейманкананын чатырына, жалпы электр кубатын керектөөнүн 15%ын иштеп чыгуучу ысык суу менен жабдуу тутумун кошкондо, 30 күн панелин орнотушкан. Кошумча, мейманкана эски электр лампочкаларын электр кубатын үнөмдөөчү светодиоддук лампочкаларга алмаштырышты.