Ысык-Көлдөгү боз үй комплекси: “Суу тазалоочу жай - бул пайдалуу экономикалык жана экологиялык инвестиция!”

"“Оймо-Таш” боз үй экокомплекси Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде (Кыргызстан) жайгашкан жана жайкы сезондо 200-300гө чейин конокторду кабыл алат.

Комплекстин ээлери, курулуп жаткан мезгилинде дагы, айлана-чөйрөгө минималдуу таасирин тийгизип, электр кубатын жана сууну сарамжалдуу пайдалануу менен кардарлар үчүн татыктуу эс алууну камсыз кылууну максат кылышкан.

Электр кубаты үнөмдүү технологиялардан тышкары “Оймо-Ташка” 50 адамга эсептелген суу тазалоочу жай орнотушкан.

Жаңы орнотмо жылына суу пайдаланууну 2322 м3 кыскартат. Тазалоочу курулманын орнотулушу айлана-чөйрөгө тийгизген оң таасиринен тышкары, өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына толугу менен дал келерин белгилей кетүү керек.

ПАЙДАСЫ

Адистердин эсептөөлөрү боюнча, бул иш-чаралардын комплекси жылына 20,28 МВт саат электр кубатын жана 4,83 тонна CO2нин атмосферага чыгарылышын үнөмдөйт. Ресурстарды үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча иш-чараларды киргизгендиги үчүн компания Европа Биримдигинен 3376 АКШ доллары өлчөмүндө кошумча сыйакы алды.