Мейманканада коноктор үчүн экологиялык ыкманы колдонуу жана ыңгайлуулукту түзүү (Кыргызстан, Бишкек)

Бишкектин борборунда жайгашкан “Олив” мейманканасы, дүйнө жүзүндөгү экотуристтерге, үй-бүлөлүк саякатчыларга, вегетарианчыларга жана укмуштуу окуяларга кызыккан адамдарга багытталган, жайлуу, меймандос мейманкана. Өз ишмердүүлүгүндө “Олив” экологиялык гана ыкманы колдонот. Мейманкананын аянты 1000 м2ден ашык, 45 номери бар.

Мейманкананы жылытуу жана муздатуу үчүн жылуулук насостору колдонулат. Ал эми ысык суу менен камсыздоо үчүн 8 күн суу жылыткыч (SWH) курама тутуму бар жылуулук насосу орнотулган. Жылуулук насостору жыл бою иштөө режиминде аба ырайы жана мезгилдик шарттар менен байланышкан күн радиациясынын интенсивдүүлүгүнүн олуттуу термелүүсү учурунда, күн тутумунун автономиясын камсыз кылуу үчүн колдонулат. Бул жылуулук насосторунун жогорку натыйжалуулук коэффициенти COP = 3.5 барабар. Ошентип, жыл бою иштеп турганда, 1 кВт өндүрүлгөн жылуулук кубатына жылуулук насосу болжол менен 300 Вт электр кубатын сарптайт.

Башкача айтканда, ысык суу менен камсыз кылууга чыгымдар дээрлик болбойт, андыктан ысык суу менен камсыздоочу тутум, шаардын жылытуу жана электр менен камсыздоочу тутумундарынан көз карандысыз. Ошону менен катар, бул туруктуу ыкма мейманканага конокторду тартып турууга шарт түзөт.

ПАЙДАСЫ

Орнотулган күн коллектордук тутуму жылуулук насосу менен айкалышып, суу менен камсыз кылуу үчүн сарпталуучу электр кубатын 60%га чейин үнөмдөйт.

Жалпысынан, ушул оң натыйжалуу тутумдарды колдонуу менен мейманкана муздатуу, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн керектелүүчү электр кубатын 40%га чейин үнөмдөйт, бул жылына болжол менен 45,76 МВт саат түзөт. Ошондой эле алар жыл сайын атмосферага зыяндуу CO2ни бөлүп чыгарууну 2,4 тоннага кыскартышат.