Ысык-Көлдөгү мейманканаларда көмүр менен жылытуучу от казанга күн коллекторлору тең ата (альтернатива) катары (Кыргызстан)

Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан чакан менчик мейманканада мурунку көмүр менен жылытуучу от казандын ордуна, күн коллекторлору орнотулган.

Бул чечим экологияны сактоого гана салым кошпостон, коноктор үчүн жыл бою - жайда дагы, кышта дагы жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.

Орнотулган коллектор тутуму, коллектордун өзүнөн, жылуулук алмашуу схемасынан жана жылуулук аккумуляторунан турат. Жылытуучу зат күн коллектору аркылуу айланат жана күндүн кубаты менен ысыйт. Андан кийин жылуулук кубатын сактоочу идишке орнотулган, жылуулук алмаштыргыч аркылуу, сактоочу жайдагы сууга берилет.

Жылытылган суу идиште колдонууга чейин сакталат. Кам идишке кошумча электр жылыткыч орнотулган, ал аба ырайы бүркөктө жана кышкысын, күн аз тийген мезгилде автоматтык түрдө иштеп, сууну белгиленген температурага чейин ысытат.

Күн коллекторунун күндүн кубатын кайра кубултуусунун натыйжалуулугу 75%дан жогору жана мейманкананы зарыл жылуулук менен камсыз кылат.

ПАЙДАСЫ

Орнотулган тутум мейманкана ээсине жылытууга кеткен электр кубатынын 70%дан ашыгын - жыл сайын 70 МВт саатка чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Зыяндуу көмүр кычкыл газы СО2нин атмосферага бөлүнүп чыгуусу жылына 30 тоннадан ашыкка кыскарат.