Kumush Bulak эс алуу борбору: энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү чаралардын жана күн энергиясынын эсебинен тоодо эс алуунун жайлуулугун жогорулатуу

Kumush Bulak эс алуу борбору Ала-Арча улуттук паркына жакын жайгашкан. Андыктан Kumush Bulak жайында да салкын болуп турат, тоонун таза абасы, таза суу жана даамдуу тамак-аш дайыма бар. Мында айрыкча үй-бүлөлөр чогуу жайлуу эс алганды жактырышат.

Күмүш-Булак тоолуу эс алуу борборунун ээси Дүйшөнбү Сооронбаев, энергоаудит жүргүзүүдөн кийин энергияны үнөмдөө боюнча чараларды колдонду: жаңы эшиктерди жана терезелерди орнотту, ошондой эле жылуу полго изоляция жасады. Мындан тышкары, имаратты жылытуу салттуу ыкмалардын эсебинен гана эмес, күн энергиясынын жардамы менен дагы жүргүзүлөт, бул олутуу көлөмдөгү ресурстарды жана финансы каражаттарын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Жылуулоону күн панелдери менен бирге колдонуунун артыкчылыктары

Имаратты күн панелдери менен айкалыштырып жылуулоо чараларын ишке ашыруу Kumush Bulak эс алуу борборундагы энергия натыйжалуулукту жогорулатуунун негизги өңүттөрүнүн бири болуп калды. Жакшы изоляция жылуулук жоготууну төмөндөтөт, бул кышында кошумча жылытуунун жана жайкысын кондициялоонун зарылдыгын азайтат. Бул эс алуучулар үчүн бир кыйла жайлуу шарттарды түзөт жана олуттуу энергетикалык ресурстарды үнөмдөөгө жардам берет.

Өз кезегинде күн панелдери таза жана кайра жаралуучу энергия иштеп чыгат жана борбордун электр энергияга муктаждыгынын бир бөлүгүн жабат. Чаралардын мындай айкалышы энергоресурстарга болгон чыгымдарды азайтат, комплекстин көмүртек изин кыскартат, бул экологиялык кризистин жана калктын компаниянын экологиялык тазалыгына карата сын-пикирлери басымдуу шарттарда өзгөчө маанилүү болуп саналат.

Алынган пайдалар

Күн панелдери менен бирге жылуулоо чараларын колдонуу төмөнкүдөй пайдалуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берди:

  • Энергияны үнөмдөө: жылына 384,0 МВтс.
  • CO2 бөлүп чыгарууну кыскартуу: жылына 41,26 т.
  • Эксплуатациялык чыгымдардын төмөндөшү: электр энергиясы жана жылуулук үчүн эсептердин азайышы.
  • Жашоо-шарттын жакшырышы: туруктуу температура жана бөлмө ичиндеги абанын жакшы сапаты.
  • Кыймылсыз мүлктүн наркынын жогорулашы: Энергияга үнөмдүү имараттардын рыноктук наркы бир кыйла жогору турат.

Мындай чаралар Kumush Bulak эс алуу борборун коноктор ыңгайлуу шарттар менен тоо табиятынын кооздугуна ырахаттангыдай жана экологиялык жактан өтө жоопкерчиликтүү жана эс алуу үчүн жагымдуу жайга айлантат, алар өздөрү барган жеринде курчап турган чөйрөгө таасир этүү деңгээли эң төмөн болорун дагы билишет.