«Натали Резорт» эс алуу борбору: Тазалоо технологияларын жаңылоо жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу ресурстарды үнөмдөө

Ысык-Көлдүн жээгиндеги обочодо жана экологиялык таза жерде жайгашкан «Натали Резорт» эс алуу борбору өз конокторуна табигый кооздуктун жана заманбап жайлуулуктун сейрек айкалышкан шартын сунуштайт. Айтылуу көлдүн түштүк жээгинин эң кооз булуң-бурчунан орун алган тынч жеке менчик пансионат жакында жүргүзүлгөн экологиялык жана экономикалык жакшыртуу иштеринен кийин мурдагыдан дагы эки эсе жагымдуу болуп калды.

Эс алуу борборунун ээси Наталья Черникова, инфраструктураны жакшыртуу жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн консультанттардын колдоосун пайдаланды. Энергоаудиттин сунуштарына жана иштелип чыккан бизнес-планга ылайык коттедждерде жылуулоо иштери жүргүзүлгөн, бул жылытууга кеткен чыгымдарды олуттуу азайтты. Мындан тышкары, саркынды сууларды чыгаруучу система жаңыланды.

Саркынды сууларды тазалоочу система экологиялык тең салмактуулукту колдоо жана суу ресурстарын сактоодо маанилүү кызмат аткарат. Алар саркынды сууларды тазалоону камсыз кылат, тазаланган сууну бак-дарактарды сугаруу сыяктуу ар кандай муктаждыктар үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Суу ресурстары чектелген жана экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу өсүп жаткан шарттарда мындай технологиялар өзгөчө актуалдуу болуп бара жатат.

«Натали Резорт» эс алуу борборунда саркынды сууларды чыгаруучу системаны жаңылоо экологиялык жагынан гана эмес, экономикалык жактан дагы пайдалуу болуп калды. Эми пансионаттын жетиштүү чоң парк аймагын сугаруу үчүн экинчи жолу тазалаган суу пайдаланылат, бул артезиан суусун колдонуунун көлөмүн олуттуу кыскартат.

Алынган пайдалар

Инфраструктураны жакшыртуу жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуунун жыйынтыгы дароо көзгө көрүнөт:

  • Энергияны үнөмдөө жылына 24.82 МВт түздү,
  • CO2 бөлүп чыгаруу жылына 1,29 тоннага кыскарды.
  • Таза суу олуттуу үнөмдөлдү.
Наталья Черникова, жүргүзүлгөн ресурс үнөмдөө чараларынын жыйынтыгына жана консультанттар менен аудиторлордун ишинин сапатына ыраазы. Эксперттер ресурстарды үнөмдөөгө жакшы жардам беришти, ошондой эле «Натали Резорт» эс алуу борборунун жайлуулугун жана экологиялык туруктуулугун жакшыртышты.