Грециядагы курорттук мейманкана электр кубатын керектөөнү 3 эсе кыскартуу менен жыл сайын 33000 миң эвродон ашык үнөмдөйт

Sonia Village - Грецияда Халкидики жарым аралында жайгашкан курорттук мейманкана, ал 1999-жылы курулган. Комплексте 12 имарат, меймандарды жайгаштыра турган 140 номери бар. Менеджмент жана кызматчылар айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча жакшы даярдыктан өткөн.

Мейманкана электр кубатын керектөөнүн деңгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшкөн электр кубатынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча төмөнкүдөй иш-чараларды жүзөгө ашырган:

- ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук күн тутумун жана электр кубатын өндүрүү үчүн номиналдык кубаттуулугу 20 кВт болгон фотоэлектр панелдерин орнотуу;

- сплит тутумдуу кондиционерлерди жаңы A +++ классына алмаштыруу (инвертору менен);

- бардык ысытуу лампаларын электр кубатын үнөмдөөчү жаңы “PL” люминесценттик лампаларга алмаштыруу;

- эски буу казандарын жаңы жогору натыйжалуу от казандарына алмаштыруу;

- имарат ичинде электр кубатын 80%га чейин үнөмдөгөн магниттик карталарды орнотуу;

- ISO 9001: 2000 стандартына ылайык сертификатталган, электр кубатын аз сарптаган жаңы муздаткычтарды сатып алуу;

- сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү (жаңы үнөмдүү душ баштары);

- таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу үчүн дөңгөлөктүү таштанды челектерин орнотуу (айнек, кагаз жана пластик үчүн).

Киргизилген практика жана технологиялар курорттук мейманканага биринчи сыйлыкты жана RELACS долбоорунун «Туризмдеги жашыл электр кубаты - 2013» номинациясындагы байгени жеңип алууга мүмкүндүк берди.

ПАЙДАСЫ

Имидждүү дивиденддерден тышкары, мейманкана өзүнө төмөндөгүдөй олуттуу каржылык үнөмдөөнү камсыз кылды:

- баштапкы электр кубатын үнөмдөө - 13 тоннага барабар мунай зат кубаты;

- атмосферага CO2ни бөлүп чыгарууну азайтуу - жылына 54,76 тонна;

- акча каражаттарын үнөмдөө - жыл сайын 33,670 евро.