Китепкана

ПЭРЭТО китепканасы - бул Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү HoReCa чакан жана орто ишканалары колдонгон алдыңкы практикалардын жыйындысы. Ал ресурстарды үнөмдөөгө, экономикалык натыйжалуулукка жана кардарлар арасында жашыл имиджге алып келүүчү ар кандай мүмкүн болгон чечимдерди жана тажрыйбаларды көрсөтөт. Китепканада электр кубатын жана сууну үнөмдөө, мейманканаларда, ресторандарда жана кафелерде калдыктардын алдын алуу боюнча чаралардын моделдери келтирилген. Мындан тышкары, кээ бир моделдер HoReCaдан башка коммерциялык секторлордо, ошондой эле турак үйлөрдө колдонулушу мүмкүн. Китепкана ыңгайлуулук үчүн түрү, категориясы, тегдери боюнча издөө панелин жана чыпкаларды сунуш кылат. . Жакынкы жылдары китепкана кеңейип, жаңы алдыңкы практикалар кошуларына көңүл буруңуздар.. Эгерде сиз өзүңүздүн жашыл практикаңызды ПЭРЭТО китепканасына киргизүүнү же башка нерсени сунуштоону кааласаңыз, анда [email protected] дареги боюнча ПЭРЭТО командасына кайрылыңыз.

Мейманкана/Конок үй
Жергиликтүү продуктуларды жакын жерден алуу жана сууну өлчөө Улуу Британиянын курортун кантип таштандыларды азайтып, үнөмдөп калуусуна жардам берди
Ribby Hall Village - өзүнүн “жашыл программасынын” бөлүгү катары, ресурстардын натыйжалуулугу жана...
МенеджментСууТаштандыЭнергия
Көбүрөөк
Айкалаштырылган(Мейманкана+кафе)
Конденсаттуу казан кадимки газ казанынан эмнеси менен артык? Бир байкалбаган, бирок өтө маанилүү айырмачылык
"Электр кубатын үнөмдөө- бүгүнкү күндө коомдук жашоонун ажырагыс бөлүгү. Бул саламаттыкты сактоого...
Энергия
Көбүрөөк