Бассейндеги сууну “акылдуу” жана экологиялык коопсуз жылытуу мейманкананын чыгымдарын 3 эсе кыскартты (Кыргызстан)

Иш жүзүндө ар бир заманбап мейманканада бассейн бар, андагы көп көлөмдөгү сууну жылытыш үчүн аз эмес каражат жана электр кубаты талап кылынат. Эреже катары, бассейндерде суу электр жылыткычтарынын жардамы же от казандын электр кубатын пайдалануу менен жылытылат. Тигил да, бул да акча чыгымдарын талап кылат.

Бишкек шаарында жайгашкан Smart Hotelдин ээлери (Кыргызстан) мейманкананы кармоого чыгымдарды азайтууга жардам берген электр кубатын үнөмдөгөн комплекстүү чараларды киргизишти. Мындай чаралардын бири - сүзүүчү бассейндеги сууну жылытуу үчүн жылуулук насосун орнотуу болуп калды. Технология ээлерине сууну жылытууга кеткен чыгымдарды үч эсе кыскартууга мүмкүндүк берет.

Жогорку үнөмдүүлүккө, жылуулук насосу 1 кВт электр кубатын пайдалануу менен гана, 3 - 5ке жакын кВт жылуулук электр кубатын өндүрүүгө жөндөмдүүлүгүнүн эсебинен жетет. Жылуулук насосунун иштөө принциби жөнөкөй жана курчап турган чөйрөдөн (суудан, топурактан же абадан) алынган жылуулукту бассейн суусуна өткөрүүдөн турат.

Мейманканада курчап турган абанын кубатын пайдалануучу «аба-суу» сыяктуу жылуулук насосу орнотулган. Электр кубатын жана каражатты кыйла үнөмдөөдөн сырткары, технология өзгөчө тейлөөнү талап кылбайт жана башкаруу абдан жөнөкөй.

Тутумдун эксплуатациялык параметрлери атайын автоматика блогунун жардамы менен жөндөлөт. Жөнөкөй жана ойлонулуп жасалган түзүлүшүнүн аркасында жылуулук насосу 25 жылдан ашык үзгүлтүксүз жана андан узак иштей алат. Газ да, катуу отун да, электр от казандарында да мындай иштөө мөөнөтү жок.

Сууну жылуулук насостору менен жылытуу - бул экологиялык таза ыкма. Мындай жылытуу орнотмолор отунду күйгүзбөйт, демек, газ же катуу отун казандарын иштетүү учурунда бөлүнүп чыгуучу зыяндуу заттардын атмосферага чыгарылышы болбойт. Орнотмолор адамдар үчүн дагы, айлана-чөйрө үчүн дагы таптакыр коопсуз.

ПАЙДАСЫ

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, бассейндеги сууну жылытуу үчүн жылуулук насосун пайдалануунун эсебинен Smart Hotel атмосферага зыяндуу CO2ни бөлүп чыгаруунун көлөмүн 500 кг чейин азайтып, жылына 5600 кВт сааттан ашык электр кубатын төмөндөтө алган.