Белогорка капчыгайындагы эс алуу борборундагы суу тазалоочу курулма (Кыргызстан, Чүй областы)

Уюмдун туруктуу бизнести, айрыкча туризм тармагындагы бизнести алып баруудагы негизги максаттарынын бири бул - суунун, топурактын жана абанын сапатына тийгизген терс таасирин азайтуу. Белогорка көрктүү капчыгайында жайгашкан “Ак-Тилек” чакан эс алуу борбору жергиликтүү кооздуктан ыракат алууну көздөгөн коноктор, кымыз менен дарыланууга келгендер, ошондой эле спортчулар арасында белгилүү. 2017-жылы “Ак-Тилек” туруктуу өндүрүш жана керектөө (ТӨК) принциптерине ылайык, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди төмөндөтүү үчүн саркынды сууларды тазалоочу заманбап курулма орнотту.

Эс алуу борборунун төмөн жагында дарыянын боюндагы айылдын тургундары сууну күнүмдүк муктаждыктары үчүн пайдаланышкан ондогон айылдар жайгашкан, андыктан тазалоочу курулманын орнотулушу айлана-чөйрөнү коргоп гана турбастан, айыл тургундарына таза сууну пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Курулуш 75 кишиге эсептелген жана саркынды сууларды санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык көрсөткүчтөргө чейин тазалоону камсыз кылат. Бул агынды сууларды рельефке төгүүгө же аларды сугатка пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Саркынды сууларды тазалоо процесси механикалык жана биологиялык тазалоонун бир нече ырааттуу баскычтарын камтыйт. Саркындылар адегенде иштетилбей турган идишке куюлат, ал жерде эрибеген жана ири көлөмдөгү бөлүкчөлөр майдаланат. Андан соң суу микроорганизмдерди (бактерияларды) колдонуу менен жүргүзүлүүчү биологиялык тазалоого (тазаланууга) дуушар болот. Тазаланган суу 120 м2 дренаж тутуму аркылуу топуракка төгүлөт. Зарылдыгына жараша сууну желим суу сактагычка куюп, кийинчерээк сугатка колдонууга болот. Ошондой эле эс алуу борборунда саркынды сууларды тазалоо тутумунан тышкары, имараттарга электр кубатын үнөмдөөчү светодиоддук жарык орнотушкан, бул “Ак-Тилекке” электр кубатын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

ПАЙДАСЫ

Экологияны коргоого жумшалган инвестициялардын аркасында “Ак-Тилек” эс алуу борбору жыл сайын сууну 5832 м3 көлөмүндө жана электр кубатын 29,4 МВт саатка чейин үнөмдөйт, атмосферага CO2ни бөлүп чыгаруу 1,3 тоннаны түзөт.