Порто жана Ибица ресторандарында тамак-аш калдыктарын азайтуу

Муниципалдык таштандылардын кыйла үлүшү тамак-аш даярдоодо пайда болгон тамак-аш калдыктарынан, азыктарды сактоодон, корду начар башкаруудан, же мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын чыгындыларынан турат. Тамак-аш калдыктарынын башка бир бөлүгү чындыгында столго коюлбаган кайра иштелген/даярдалган тамактардан же айрыкча тамак тизмесиндеги тамактын порциялары чоң болгондо ашканада сызык түрүндө калган тамак калдыктары. Бул күнүгө тамак-аш калдыктары катары жакшы абалдагы азыктарды ыргытып гана тим болбостон, адамдар күн сайын жоопкерчиликсиз мамиле жасашат, бул болсо айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип жаткандыгын билдирет. Мындай проблеманы чечүү үчүн Порту жана Ибица шаарларындагы ресторандарда, кафелерде пайда болгон тамак-аш калдыктарынын көлөмүн азайтууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгышты. Долбоорлодун бардыгы маалымдуулукту жогорулатуунун элементтерине жана ресторандар менен кардарларынын тамактануу адаттарын өзгөртүүнүн максатын стимулдаштырууга негизделген.

Портуда иштелип чыккан «Dose Certa» долбоору өз ыктыярлары менен бардык берилген тамактардын өлчөмдөрүн азайтууга карай, ошого ылайык тамак-аш калдыктарын төмөндөтүү боюнча долбоорлорго катышуу ниетин билдиришкен, ресторандарда ишке ашырылып жаткан билим берүү программасынын бир түрү болуп саналат. Дагы бир башка процесстерге көңүл бурган долбоор - бул «Embrulha» долбоору болуп саналат. Долбоордун маани-маңызы ресторандар/кафелер кардарларын кызыктырып, өздөрүнүн жеп түгөтө албай калган порцияларын ала кетүүгө сырты жакшынакай био-ажыроочу баштыктарды берүүдө турат.

«Dose Certa” долбоору Портунун 18 ресторанында ишке ашырылууда. Баалоолор тамак-аш калдыктарын кыскартуунун дараметин болжол менен 30% көрсөтөт. 2017-жылдын акыркы чейрегинде «Embrulha» долбоордун алкагында тамак-аш калдыктарынын чыгындыларын 3,24 тоннага жана СО2 көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн 680 кг төмөндөтүүгө жетишти. Жыл сайын өзүнө 1000ден ашуун кардарларды тарткан «Aprofita’Mmm» акциясына дээрлик 40 ресторан катышкан. Эгерде ар бир кардар үйүнө желбей калган 100 г порциясын өзү менен ала кетсе, анда бул өнөктүктүн алкагында жыл сайын 1000 кг тамак-аш калдыктарынын көлөмүн төмөндөтө аларын элестетип көрөлү.