Таразала жана ойлон

"Чыныгы мыкты практиканын максаты окуучулардын мектепте түшкү тамак учурунда пайда болгон калдыктар кантип пайда болору жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу болгондугунда. Долбоордун усулдамасы мындайча, балдар дагы чечимдерди кабыл алууга жоопкерчиликти ала алышат, алсак, экинчи тамакты толугу менен жеген же нанды, же мөмөнү көп жеген пайдалуубу? «Weigh and Think» (таразала жана ойлон) усулун ишке ашырган окутуучулар курамы, балдардын өз алдынча чечим чыгарган жекече тажрыйбасы, тамак азыктарын терең ойлонгон керектөөчүлөрдөн болууга жардам берген, окутуп-үйрөтүүнүн натыйжалуу аспабы болуп саналат деп эсептешет.

«Weigh and Think» программасы балдарга жана өспүрүмдөргө аларды өмүр бою коштоп жүрүүчү жана балдарына өткөрүп бере турган жакшы адатты өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштелип чыккан. Сыноо 2014-жылы башталган. Мектеп ашканаларында экинчи айдан баштап жана туруктуу негизде тамак-аш калдыктарынын саны 35%га, ал эми калдыктардын пайда болушунун көлөмү 50%га төмөндөгөн. «Weigh and Think» усулу беш кадамдан турат:

- калдыктарды түрдүү төрт идишке сорттоп салуу (таштанды челектер, азык-түлүк эмес органикалык калдыктар, азык-түлүк органикалык калдыктар, суу);

- таразалоо: күнүнкү, тутумдуу жана так негизде;

- электрондук тиркемени пайдалануу менен маалыматтарды эсепке алууну жүргүзүү: берилген тамак, пайда болгон калдыктар ж.б.

- ойлонуу: пайда болгон калдыктарды талдоо;

- сунуш кылуу: балдар менен биргеликте жетише турган максаттарды белгилөө.

“Campos Estela” компаниясы, Каталония боюнча, бул долбоор тамак-аш калдыктарынын жалпы санын 5%га кыскарышына өбөлгө түзөрүн эске алганда, тамак-аш калдыктарынын санын күнүнө 75 тоннага кыскартууга болорун эсептеген.

Долбоорго бардыгы болуп 4000ден ашуун окуучу жана Каталониянын 30дан ашуун мектеби катышкан. Долбоор 2015-жылы «Европа калдыктардын санын кыскартуунун жумалыгы» (EWWR - European Week of Waste Reduction Awards) сынагынын жеңүүчүсү болуп калды."