Уэлстеги деңиз азыктары ресторанына “буйрутма” берүүнүн “акылдуу тутуму” тамак-аш калдыктарын жана бизнестин каржылык жоготууларын төмөндөтүүгө жардам берет

Лландидно шаарындагы, Уэльс, Seahorse рестораны жогорку сапаттагы деңиз азыктарын сунуштайт, аларды ыргытып жиберүү өтө кымбатка турат. “Тамак сиздин бизнесиңиз” (Your Business is Food; don’t throw it away - YBIF) принцибин кабыл алууга чейин ресторанда тамак-аш калдыктарын кыскартуунун базалык ыкмалары колдонулуп келген.

Эми башкы ашпозчу керегинен ашыкча буйрутма бербөөгө аракет кылуу менен, продуктуларды сатып алууга өтө кылдат мамиле жасайт. Ал тейлөө мезгилинде тамак тизмесиндеги негизги тамак түгөнүп калат деп чочулабоого үйрөндү жана бул кардарларга ресторанда тамак тизмеси дайыма жаңырып турарын жана күнүгө мыкты жеткиликтүү продуктулар колдонуларын көрсөтөт деп эсептейт. Бул ыкма келүүчүлөрдө суроо-талапка ээ. Дагы башкы ашпозчу айлана-чөйрөгө камкордук көрүүнү эске алып, тамак даярдоо учурунда азыктарды жоготууну жеткире азайтууга абдан аракет жасайт.

Ресторанга бөлүнгөн таштанды челек мекемеге алыс жайгашкандыктан, калдыктарды ыргытуунун өзү проблемалуу.

Андан сырткары, ресторан жөнөтүүчүлөрдүн калдык таңгактарынын көлөмүн төмөндөтүү үчүн, полистирол идиштерин - балык жөнөтүүчүлөргө жана, продуктулардын кутуларын - азык-түлүк жөнөтүүчүлөргө кайра колдонууга кайтарып берип, кам көрдү.

Ресторандын жаңы продуктуларды сатып алууга кылдат көңүл буруусуна, тамак тизмесинин ийкемдүүлүгүнө, башкы ашпозчунун керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына карата мамилесине, тамак даярдоонун жүрүшүнө, соустардын корун камдоо/ жасоо, ошондой эле алардын бузулган продукцияларды эсепке алууну киргизүү жолдоруна багытталган саясаты - мунун баары ресторандын тамакты алдын ала табактарга салуу жолу менен тамак-аш ысырапкерчилигинин нөлгө абдан жакындап калганын күбөлөндүрүп турат.

Бул YBIFтин алкагында калдык чыгындыларына мониторинг өткөрүүнүн жүрүшүндө тастыкталды.

Акылдуу буйрутмаларды берүү тутуму - абдан маанилүү элемент, анткени балык продукциясынын сактоо мөөнөтү абдан чектелүү. Ошондуктан башкы ашпозчу аларды ашыкча албай, тамак азыктарынын санын аз кылууга умтулат.

Кардарлар көбүнчө табакка тамактын калдыктарын, мисалы, крабдын, омардын ж.б. у. сыяктуулардын желбей турган бөлүктөрүн таштап кетишет. Деген менен, YBIF программасынын алкагында жасалган иш ресторанга тамак-аш калдыктарын азайтууга жардам берди, мисалы, адатта кардарлар жашылча гарнирлерине жана салаттарга ашыкча буйрутма кылышып, жебей кайра кайтарып беришет.

YBIFтин изилдөөсү буларды тастыктады:

- “акылдуу” сатып алуу жана ийкемдүү тамак тизмелери - тамак-аш калдыктарын азайтуунун ачкычы;

- негизги тамактар үчүн ингредиенттердин түгөнүп калышы - бул кымбат, кыска мөөнөттүү тез бузулуучу ингредиенттерди ашыкча камдагандан көрө мыкты;

- күн мурунтан сактоо жана соустарга пайдалануу үчүн жашылчаларды даярдоо жана молюсктарды тазалоо - бул эң жакшы практика;

- жөнөтүүчүлөргө продуктулардын жана балыктардын идиштерин/кутуларын кайра таңгактоо үчүн кайтаруу чыгымдардын көлөмүн кыскартат.

Башка коомдук тамактануу ишканаларына канча тамак ыргытып жаткандарын жана бул алардын бизнесине канчага айланары жөнүндө ачык түшүнүк алууга көзөмөлдөө жана эсептөө үчүн таблицалары бар YBIFтин үч күндүк программасын колдонуу сунушталат. Майда-баратына чейин жана толук маалымат алуу үчүн бир айдын ичиндеги жоготууларды көзөмөлдөө жана эсептөө үчүн таблицалары бар YBIFтин жети күндүк программасын колдонуу пайдалуу. Аспап бизнестин ар бир түрү үчүн сатып алуу чыгымдарын жана калдыктардын чыныгы наркын эсептөөгө жардам берет.