Туруктуу кейттеринг (коомдук тамактандырууну уюштуруу)акчаны үнөмдөйт: Ирландиядагы эки компанияга жана экологияга термо (ысык сактоочу) кружкаларды сатып алуу пайда алып келди

Sodexo Ирландиянын Корк шаарында жайгашкан, 2000 миңге жакын адам иштеген ири IT компаниясына тамактандыруу кызматын көрсөтөт. Компания жыл сайын 1,2 миллионго жакын кагаз стакандарды колдонуп, андан кийин таштанды полигонуна жөнөтүшкөн, бул болсо жылына болжол менен 120 000 еврого турган. Өзүнүн чыгымдарын азайтуу жана таштанды калдыктарды кыскартуу максатында Sodexo бир жолу пайдаланылуучу стакандардын ордуна көп жолу колдонула турган стакандарды пайдаланууну чечти. Sodexo компаниясы термо кружкаларды 9000 еврого сатып алып, аларды IT-компаниясынын бардык кызматчыларына бекер таратты.

ПАЙДАСЫ

IT-компаниясынын кызматчылары демилгени колдошту, ал тургай жаңы кружкаларда кофе көпкө чейин ысык турарына ынанышты. Дагы бир жакшы экологиялык жана каржылык жагы: термокружкаларды сатып алуу Sodexo үчүн таштанды көмүүгө жана таштандыны өрттөөгө караганда арзаныраак болуп чыкты. Бул жөнөкөй кадам бир эле учурда эки компанияга жана экологияга пайда алып келди.