Эстониядагы чакан жатакана (хостел) жөнөкөй жана натыйжалуу чаралардын аркасында экологиялык мээримдүүмекеме болуп калды жана “Жашыл ачкыч” алды

Эстониянын Тарту шаарындагы чакан жатакана, калдыксыз/циклдик экономикага ылайык, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жөнөкөй жана экономикалык натыйжалуу чараларды көрөт. Бул чаралар мекеменин бардык ишмердүүлүгүн камтыйт: электр кубатын пайдалануудан, калдыктарды башкаруудан баштап кызматчыларды окутууга чейин жана келүүчүлөр арасында маалымдуулукту арттыруу жана көптөгөн башка нерселер. Looming жатаканасы үчүн айлана-чөйрөнү коргоо анын жекечелигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жатакана жетекчилиги ресурстарды кайра пайдалануу жана иштетүү, окутуп-үйрөтүү жана маалымдуулукту жогорулатуу, экологиялык жактан таза кызматтарды жана имараттарды жаңылоону сунуштоонун эсебинен айлана-чөйрөгө бардык иш-чаралардын таасирин азайтууга багытталган саясатты киргизди. Ишкана чакан болгондуктан чыгымдарды азайтуу өтө маанилүү. Экономиканын калдыксыз/циклдик принциптерине негизделген уюштуруу чаралары аны “Жашыл ачкыч” эко-энбелгисине ээ кылды.

Хостел тарабынан ишке ашырылган айрым иш-чаралар:

- кызматчыларды экологиялык жоопкерчиликтерге такай окутуп-үйрөтүп туруу;

- ары-бери жүрүүдө унаанын экологиялык түрүн илгерилетүү;

- жатакананын велосипедин ижарага алуу, жөө басуу турларын уюштуруу;

- эмерек жана жабдуулар табигый материалдардан же принцип боюнча кайра иштетилген экологиялык таза продуктулардан даярдалат;

- ресурстарды үнөмдөө үгүтү: жатакананын ичи-тышындагы жазуусу бар тактайчалар конокторго сууну жана электр кубатын үнөмдөө зарылдыгы жөнүндө сылык эске салып турат;

- калдыктарга натыйжалуу мамилени уюштуруу: таштандылардын көлөмү минималдаштырылып, органикалык таштандылар курттар менен вермикомпостоштурууга айландырылат жана таштандыны түрү менен бөлүп чогултуу кубатталат;

- жашыл жол менен тазалоо: мисалы, сода жана уксус сыяктуу экологиялык коопсуз тазалоочу каражаттар колдонулат;

- Looming жетекчилиги жатаканада экологиялык таза тажрыйбаны жайылтуунун инновациялык жолдорун издөөгө жана үйрөнүүгө дилгир. Мисалы, эгерде конокторго күрмө керек болуп калса же жөн эле бир буюмун унутуп калса, колдонулган кийим-кече сыяктуу буюмдарды сатуу ж.б.