Таштандыны сорттоо жана кайра иштетүү мейманкананы мурдагыдан да белгилүү кылды жана таштандыларга кетчү чыгымдарды 50%га кыскартты (Улуу Британия)

Статистика боюнча мейманкананын ар бир коногу күнүнө эки килограммга жакын таштандыларды - кагаз, пластик, картон кутуларын жана алюмин банкаларды ыргытышат. Улуу Британиядагы Kimpton мейманканасы номерлерге ар бир калдыктын түрүнө өзүнчө бир нече таштанды челектерин орнотушкан. Ошондой эле мейманкана өз кардарларына таштандыларын сорттоого үндөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштаган. Сурамжылоо коноктор үчүн экологиялык таза ыкма менен иш алып баруу маанилүү экендигин көрсөттү. Kimpton мейманканасынын күч-аракети анын меймандары тарабынан татыктуу бааланып, ага “жашыл” деген имидж бекиди. Жакшыртылган имиджден тышкары, көрүлгөн иш-чаралар мейманкананын таштанды чыгарууга жана аларды керекке жаратууга кеткен чыгымдарын бир кыйла төмөндөттү.

ПАЙДАСЫ

Таштандыдан кагаз, пластик жана башка кайра иштетилүүчү материалдарды ылгап алуу менен, мейманканалар таштандыларды чыгаруу боюнча төлөө эсептерин 50%га үнөмдөй алышат. Үнөмдөлгөн каражаттар, балким, чакан мейманкаларда жана жатаканаларда аз болор, бирок узак мөөнөттүү пайдалар, анын ичинде экология үчүн, олуттуу. Ошентип Kimpton мурда жөн гана ыргытылып кетчү калдыктарын 40%га чейин кайра иштетет. Мейманкананын маалыматы боюнча, калдыктардын бир гана түрүн - картонду жана кагазды кайра иштетүү эле ага жылына 10-15 миң евро үнөмдөө алып келет.