HoReCa Коллаборациясы (кызматташуу) башка уюмдар менен ресурстарды жана курчап турган чөйрөнү натыйжалуу колдонуу аспабы катары

Түндүк Ирландиянын Дерри шаарындагы Best Western White Horse мейманканасы өзүнүн бардык имараттарына жана ички жасалгаларына жаңыртуу иштерин жүргүздү. Мейманкана эски, бирок жакшы абалдагы эмеректерди жана уктоочу номерлердеги сантехниканы эмне кылабыз деген проблемага туш болду. Урунулган таштанды буюмдарды керекке жаратуунун альтернативдүү жолун табуу зарыл эле. Алар анын жолун табышты. Мейманкананын жетекчилиги Лимавади шаарынын Коомдук демилге тобу (КДТ) менен кызматташтык жөнүндө келишим түзүп, анын негизинде алар 2,5 тонна эмеректи кабыл алууга макулдугун берип жана аларды өздөрүнүн кайрымдуулук дүкөндөрү аркылуу саткан. HoReCa секторунун мекемесинин башка уюмдар менен мындай коллаборациясы - эгерде корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатын киргизүүнү өзүнөн баштаса, анда жада калса чакан ишканалардын деңгээлинде айлана-чөйрөнү коргоо планында эмнеге жетүүгө боло тургандыгынын мыкты үлгүсү болуп саналат. Мындай кызматташуунун каржылык пайдасы көп эмес, бирок башка бизнес чөйрөсүндө кайталоо дарамети олуттуу. Ошондой эле бул мейманкананын кир жуучу жайында экологиялык таза кир тазалоочу каражаттары колдонулат. Жаңыланып туруучу энергия булактарын пайдалануунун аркасында кир жуучу жай өз кызматтарын бир топ жагымдуу баада сунуш кыла алат.

ПАЙДАСЫ

Мейманкана 2,5 тонна эмеректи жөн эле таштандыга ыргыткан жок. Бул анча көп эмес сумманы үнөмдөгөн, бирок экологияны сактоого жасалган мындай иш-аракеттер олуттуу оң натыйжага ээ болушкан. Мындай иш-чаралардын натыйжасында атмосферага CO2ни бөлүп чыгарууну 7 тоннага кыскарткан.

Мейманкананын электр кубатын көп керектөөчү объекттеринде пайдаланылып жаткан жаңыланып туруучу энергия ага жылына 25000 еврону үнөмдөгөнгө жол берет.