Белгиялык үй-бүлөлүк мейманканада желим бөтөлкөлөрдү пайдаланууга тыюу салынды, ал эми коноктордун бардыгы бул чараны колдойт

Fevery мейманканасы - бул орто кылымдагы Брюгге шаарында жайгашкан үй-бүлөлүк чакан мейманкана. Ал «ЭкоЛейбл ЕС» сертификатын алуу үчүн арыз берген жана биринчи сертификатка ээ болгон бельгиялык мейманкана болуп калган. Бир жолку товарларды/продукцияларды колдонууга чектөөлөрдү камтыган “ЭкоЛейблдин” чен-өлчөмдөрүнүн бардыгына туура келүү үчүн, мейманканада суусу бар желим бөтөлкөлөрдү колдонууну токтотушту. Чыпкаланган сууну пайдаланууга артыкчылык берген коноктор үчүн мейманкананын жетекчилиги суу ичүүгө кичинекей фонтан орноштурду. Алгач, мейманкананын кожоюндары коноктор жаңы чарага нааразы болушат деп тынчсызданышкан. Бирок Fevery мейманканасы туристтерден айлана-чөйрөнү коргоо демилгесине, эс алууга жана мейманканаларга арналган веб-сайттарында оң пикирлерди ала баштады.

ПАЙДАСЫ

Мындай, бир караганда, жөнөкөй иш-чаралар: желим бөтөлкөлөрдү колдонуудан баш тартуу жана суу ичүү үчүн чакан фонтанды орнотуу мейманканадагы ыргытылуучу таштандылардын жалпы көлөмүн 2010 - 2015-жылдар аралыгында 20%га азайтты.