Экологияга кам көрүү туристтерди тартуунун жолу катары (Кыргызстан)

«Супара» этнографиялык комплекси - бул кыргыз элинин маданий салттарын, алардын ата-бабаларынын жашоо образын чагылдырган туристтик долбоор. Комплекс кооз Чуңкурчак капчыгайында жайгашкан. Комплексти курууда жалаң табигый материалдар - таш, чопо, саман, булгаары колдонулган. Долбоор өзүн «экотуризм» катары көрсөтөт жана энергетикалык ресурстарды жана сууну жоопкерчиликтүү пайдалануу дагы комплекстин имиджин түзүүчү маанилүү компонент болуп саналат.

2019-жылдын сентябрь айында KyrSEFF программасынын алкагында жыл бою 450-500гө чейин конок тосуучу мейманкана комплексинде саркынды сууларды тазалоочу жай алмаштырылды. Саркынды сууларды тазалоо эки баскычтуу технологиянын жардамы менен ишке ашат, жаңы курулма сууну 95% тазалоого жетишет жана комплекстин аймагындагы өсүмдүктөрдү сугарууга жарактуу.

ПАЙДАСЫ

Заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулманын жардамы менен “Супара” сугат үчүн таза сууну керектөөнү 30%га же жылына 20000 куб метрден ашык кыскартты.