Эдинбург, Хендерсондогу сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жөнөкөй чаралары (+++)

Эдинбургдагы «Henderson» рестораны - бул 1963-жылдан бери жашылча-жемиштерди товардык өндүрүш үчүн өзүнүн органикалык бакчасынан сапаттуу азыктарды сунуштаган шотландиялык мекеме. Бизнес өсүп, эми 50дөн ашык адам иштеген чекене соода дүкөнүнөн, органикалык кол өнөрү менен жасалган нан бышыруучу жайдан, деликатестер дүкөнүнөн, тейлөөсү бар бистролордон, кафелерден жана ресторандардан турат. Ресторанда суу бүт бардык нерсеге, даярдык көргөнгө, жыйнаштырууга, идиш-аяктарды, жашылчаларды, дааратканаларды жана крандарды жууганга, ошондой эле, тамак-аш жана суусундуктарды даярдоого колдонулчу. Компанияда сууга төлөнүүчү эсептер өтө жогору жана кымбатка турат деп табышты.

Ресторандын ээси сууну керектөөнү кыскартуунун жана, өз кезегинде, акчаны үнөмдөө жолдорун камсыз кылуу максатында Zero Waste Scotland (ZWS) программасына кайрылууну чечти. “ZWSтин” эксперти «Henderson’s» компаниясы суу кайда жана канча көлөмдө пайдаланыларын, аны жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоо үчүн суу балансын түзүүнү сунуш кылды.

Мисалы, ишемби күнү иш аягында, андан кийин жекшемби күнү эртең менен суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүн алуу жумуш убактысынан сырткаркы агып кетүүлөрдү же жоготууларды ачып көрсөтмөк.

Имараттын ичиндеги дааратканалардын цистерналары 9 литрлик эле жана унитаздарга пайдаланылган суулар жылына 2500дөн фунт стерлингге (~ 2800 евро) айланчу. Цистерналардагы чайкоочу суунун көлөмүн 6 литрге басымды төмөндөтпөстөн жөнгө салуу үчүн кымбат эмес шаймандарды орнотуу бир жылдык сууну 350 м3 азайткан.

Суу көлөмүн 6 литрге чейин азайтуу үчүн, цистерналарга арзан шаймандарды жайгаштыруу, суу чыгымынын натыйжалуулугун бузбай, суунун жылдык чыгымын 350 м3 кыскартууга алып келди.

Ресторандагы заара ушатуучусунда суу менен чайкоо таптакыр жөндөлгөн эмес, байкоолорго караганда алар жылына 368 м3 суу керектеген.

Ушундан улам, заара ушатуучу үчүн суунун көлөмүн азайтуунун бир катар жолдору каралды (мисалы, суу менен чайкабай турган заара ушатуучу идиштер (биологиялык) жана таймерлер. Пассивдүү инфракызыл сенсорлорду орнотуу пайдасына чечимдин кабыл алынышы сууну керектөөнү 75% га чейин кыскартты.

Ушул жөнөкөй чараларды көрүү менен, ресторан жылына үнөмдөөнүн көрсөткүчтөрүн 5000 фунт стерлингге чейин (~ 5600 евро) жеткирип, сууга чыгымдарын 33%га кыскарта алды.