Форель фермасындагы жана эс алуу базасындагы суу тазалоочу жай: саркынды сууларды тазалоо 99% (Кыргызстан)

Бишкектен жыйырма чакырым алыстыкта, Таш-Дөбө айылынын тоо этектеринде экологиялык жактан таза жерде эс алуучу база жана “Форель” фермасы жайгашкан. 19 жылдан бери компания өз кардарларына чарбанын аймагында өстүрүлгөн даамдуу балыктарды жеп эле тим болбостон, ден соолук үчүн пайдалуу убакыт бөлүүнү сунуштап келет.

«2000-жылдардын башында мен гезиттердин биринен Франциянын президенти Жак Ширак биздин президентти балыкты түз эле кафенин көлмөсүнөн кармап, сыйлаганы жөнүндө макаланы окудум. Бул маалымат мага абдан таасир калтырды. Биздин форель фермабыздын идеясы ушундайча жаралган”, - деп Форель”эс алуу базасынын ээси Кубат Кутушов, өз бизнесинин жаралышы жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүштү.

2018-жылы компания Чехия өндүрүшүнүн заманбап автоматташтырылган суу тазалоочу курулмасын орнотту. Душ, даараткана жана ашканалардан чыккан саркынды сууларды тазалоо деңгээли 99%ды түзөт, бул тазалангандан кийинки сууну техникалык муктаждыктарга жана сугатка кайра колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө эс алуу базасынын аймагы өнүккөн инфраструктурага ээ: мончо жана мейманкана комплекси, 70 орундуу кышкы ресторан, көлмөнүн жанындагы 300 орундуу жайкы кафе. Волейбол аянтчасы, стол тенниси, жайында көлмөдө байдарка менен сейилдөө жана кышында муз аянтчасы эс алуу базасынын конокторун активдүү эс алууга түртөт.

«Биздин айлана-чөйрөбүздө өзгөчө кооздук бар: чытырман токой, тоо дарыясы - бир сөз менен айтканда, укмуштай жаратылыш. Мындай жерде бизнес заманбап чечимдерди жана жоопкерчиликтүү мамилени талап кылат”, - дейт Кубат Кутушов.