Экологиялык «жашыл» унаа конокторду туристтик борборлорго тартуунун кошумча жолу

Туристтерди жана HoReCa секторунун конокторун, өзгөчө артында калган көмүртек чыгындыларына аң-сезимдүү мамиле жасоо, жергиликтүү “жашыл” унааларга бекер, арзан баада же унаанын эко-натыйжалуу түрлөрүнө жеңилдиктер менен жетүү мүмкүнчүлүгү кызыктырат. Мисалы, велосипедди же электромобилди жер унаасы катары ижарага алуу, же сууда жүргөндө катер, же башка суу унаасын пайдалануу.

“Жашыл” мобилдүүлүктү стимулдаштыруунун башка чаралары болуп тыюу салынган аймактарды түзүү же унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү, ошондой эле ылдамдыкты чектөө болушу мүмкүн. Мындан тышкары, өз конокторуна кемпинг-мейманканалардагы бөлмөлөрдү сунуштап, жаратылышка кандайдыр бир иш-чараларды уюштуруу, мисалы, велосипед же жөө саякат турларын.

Унаанын “жашыл” түрлөрү жөнүндө маалыматты мейманканаларды ээлеп коюу веб-сайттарына жайгаштырып коюу келчү конокторго жолго чыгардын алдында бир катар кеңеш болуп бериши мүмкүн. Келген коноктор үчүн буклеттер жана башка маалымат материалдары каттоо жайынын текчелерине же коомдук жайларга жайгаштырылышы зарыл.

ЕБдин екo-энбелгисинин чен-өлчөмдөрүнө ылайык мейманканаларда жана кемпингдерде төмөнкүлөр зарыл:

- велосипеддерди жакшы абалда кармоо жана алардын конокторго жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу (мисалы, ар бир 50 бөлмөгө 3 велосипедден);

- коомдук унаа менен саякаттап жүргөн конокторго трансфер кызматын сунуш кылуу (унаанын кынтыксыз экологиялык түрү, мисалы, электромобилдерде);

- конокторго жана кызматчыларга коомдук унааны кайдан табууну жана кандайча колдонуу керектиги жөнүндө маалыматты (же эгерде ошол райондо коомдук унаа жок болсо, башка “жашыл” альтернативдүү унаа каражаттарды) сунуш кылуу;

- мейманкананын экологиялык максаттарын жана милдеттерин (коомдук жайларда жана номерлерде) колдоо чакырыктары менен коноктор үчүн белги-көрсөткүчтөрдү/белгилерди түзүү жана илүү.