Испаниянын мейманканаларындагы саркынды сууларды тазалоонун ийгиликтүү тажрыйбасы - 20% суу үнөмү

Испаниянын Альхесирас шаарындагы 100 номерлүү NH Campo de Gibraltar мейманканасы 2009-жылы буга чейин орнотулган акылдуу саркынды сууларды кайра иштетүү тутуму менен ачылган жана ушул сыяктуу тутум NH Groupтун дагы бир мейманканасында ийгиликтүү орнотулган (Hesperia мейманканасы, Кордоба, Испания). Бассейндерден жана душтардан чыккан саркынды суулар өзүнчө топтолуп андан кийин тазаланып, айланып, андан соң дааратканаларды жууп тазалоого берилет. Мындай тутум ичүүгө жарактуу суунун сарпталышын бир кыйла азайтат. Саркынды сууларды айландыруу тутумдарын орнотуу үчүн өзүнчө түтүктөрдү куруу зарыл, ушуга байланыштуу аларды модернизациялоодо кыйынчылыктар жаралат. Бул жагынан алганда жаңы мейманканалар мындай тутумдарды нөлдөн баштап орното алуу мүмкүнчүлүктөрү менен артыкчылыкка ээ. Ѳзүн-өзү актоо мөөнөтү тутумдун түрүнө жана үнөмдөлгөн таза суунун баасына жараша 2 жылдан 15 жылга чейин өзгөрүшү мүмкүн.

ПАЙДАСЫ

Мейманканда тутумдун техникалык тейлөө чыгымдары салыштырмалуу жогору - жылына 2000-3000 евро экендигин белгилешти. Ошону менен бирге жыйынтыгында баары ала турган жалпы пайдага көңүл бурушат: мейманкана дагы, туристтер дагы, жергиликтүү тургундар дагы ичүүчү сууну үнөмдөө түрүндө пайда көрүшөт. Мындан сырткары NH Campo de Gibraltar мейманканасында орнотулган сууну кайра айландыруучу заманбап тутумдар суунун бир жылдык керектөөсүн, анын ичинде агынды суулардын көлөмүн (бул дагы 20%), 20%га төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди.