«ЭкоЛейбл ЕС» мейманкананын сапатын жана конокторду “кайра тарбиялоонун” далили катары

«ЭкоЛейбл ЕС» мейманкананын сапатын жана конокторду “кайра тарбиялоонун” далили катары

Chambre des Moulins - Франциянын Пуатье шаарчасындагы “төшөк жана эртең мененки тамак” (B&B) түрүндөгү мейманкана. ЕБ Эко-энбелгиси сыйлыгына ээ болгондон кийин, мейманканага келгендердин курамы байкаларлык өзгөрдү. ЕБ Эко-энбелгисинин логотибинин веб-сайтта, ошондой эле ал белгилердин мейманкананын аймагында болушу, экологияны сактоо зарылдыгы жөнүндө маалыматтуу боло жана экоресурстарды сактоо боюнча чара көрүүгө даяр адамдарды өзүнө тарта баштады. Чыгып кеткенден кийин менеджер ар бир кардарга алар мейманканада болгон кездеринде экология иш-аракеттери жөнүндө өз пикирлерин айтууну өтүнүп сурамжылоо анкетасын жиберет. Коноктордун дээрлик 73%ы мейманкана ЕБ Эко-энбелгисин алгандыгы белгилүү экенин айтып жооп беришкен. Мейманкананын жашоочуларынын 93%ы бул сапаттын белгиси деп эсептешерин жазышкан. Ошол эле учурда, коноктордун 84%ы өздөрү мейманканада болгон кезде, анда үйрөнгөн 1-2 экологиялык таза адаттарды жүргүзүүнү улантышкандарын билдиришкен, ал эми 14%ы үчтөн ашык ушундай иштерге катышкандарын көрсөтүшкөн. Жашоочулардын айтымында, алардын күнүмдүк жашоосундагы эң кеңири тараган эко иш-чаралар - сууну, электр кубатын, жылуулукту сарамжалдуу пайдалануу жана таштандыларга башкача мамиле кылуу болгон.

ПАЙДАСЫ

ЕБдин Eкo-энбелгисин сертификаттоо процессинин алкагында мейманкана тарабынан 2010-2014-жылдар аралыгында ишке ашырылган иш-чаралардан алынган оң натыйжаларынан тышкары, жылуулук кубатына болгон чыгымдарды болжол менен 24%га, жарык жана ысык суу менен жабдуу үчүн электр кубатын керектөөнү 18% га, жана сууну керектөө чыгымдарын 12,5%га төмөндөтүүгө түрткү берди.