ПЭРЭТО 6 жогоркуу окуу жайлары үчүн тренинг өтөт
27-07-2023

«Университеттин окутуучулары үчүн эки күндүк тренинг энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү чаралар, туризм жана HoReCa тармагында туруктуу өндүрүш жана керектөө боюнча маалымат, материалдарды жана практикалык ресурстар менен камсыз кылууга багытталган. Биздин адистердин эксперттик колдоосу жана окутуу иш-чараларынын аркасында ПЭРЭТО билим берүү процессине жашыл темаларды комплекстүү интеграциялоого жана академиялык сектор менен бизнестин кызматташуусуна салым кошот деп ишенебиз”, - дейт долбоордун менеджери Максат Дамир уулу.